Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Үй-бүлө, түшүнбөстүк, абийир...


Театрдагы абийир
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

Тажик театрынын актрисасы

Бишкекте 19-октябрда башталган эл аралык V “Арт Ордо” театралдык фестивалына келген тажик актерлору Альбер Камюнун “Түшүнбөстүк” аттуу спектаклин ойношту.

Тажик жаштар театры койгон спектакль адамдардын Кудайга сыйынуусу менен башталып, бир үй-бүлөдөгү эне менен балдардын, бир туугандардын ортосундагы араздашуу менен бүтөт. Тагыраагы, карындашы агасына уу берип өлтүрөт.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Эгемберди Бекболиев тажик жаштар театры спектаклди тажик тилинде койсо да пластикалык кыймыл-аракеттери, актерлук чеберчилиги аркылуу окуяны көрүүчүлөргө жеткире алды деп баа берди. Ал эми ар кайсы тилдеги, ар кайсы диндеги сыйынууларды жуурулуштуруу артында чоң идея жатат, дейт кыргыз актеру:

- Бул жерде исламдын, тарсалардын, будданын сыйынуулары чогуу берилип жатпайбы. Себеби, баарыбыздын Кудайыбыз бирөө эле. Айтматов айткандай “эзелтен чечилбеген улуу талаш, канткенде адам уулу адам болот” деген маселе коюлуп жатат. Ошол талаштарга барбай түйүндүү маселелерди акыл менен чечип алып жашасак деле болот да. Бирок андай болбой жатпайбы.

Бекболиевдин баамында, жалпы адамзаттын бир пикирге келе албастыгы спектакль чагылдыргандай трагедияларга алып келип жатат:

- Бул спектаклдин негизги жакшы жагы, режиссер адамдардын ички сезимин ойготуп жатат. Ички сезим менен эненин баласына, келинине, кызына, чалга болгон мамилеси көрсөтүлүп, балдарынын энесине болгон каршы чыгуулары баяндалды. Чынында ошол каршы чыгуулар керек беле? Мына ушундай араздашуулар көп жаман иштердин башаты болуп жатпайбы. Биз ошондой пикир келишпестиктерден бийик болсок, адамдар бири-бирин аяса, бири-бирине жакшы мамиле жасаса, бул жашоо андан дагы узагыраак болот деген маселе жатат бул жерде.

Кыргызстандык тажик тектүү жаран, чыгыш таануучу Бобожон Курбанов болсо аталган спектаклди башка өңүттө түшүнгөн. Курбановдун айтуусунда, бир туугандардын бири-бирине каршы чыгышы бекеринен болгон жок. Себеби, агасы 25 жыл мурун апасы менен карындашын таштап дайынсыз кеткен. Уулунун жоголушу энени миң сан азапка салып кыйнаган. Маектешибиздин баамында, автор мында үй-бүлө баалуулугун башкы орунга койгон:

- Жигиттин жубайы күйөөсүн өзүнүн кайынсиңдисинен сурап келди. Ал агасын өлтүргөнүн айтты. Келин кыздын өз бир тууганына уу бергенине ишенген жок. Ошондо кыз: “ал мага бир тууган эмес, эгер байкем болсо бизди таштап кетпейт эле. Мен Кудай үчүн өзүм жооп берем”, - деди. Муну уккан келинчеги “күйөөм менин жүрөгүмдү алып кетти. Байкең менен мен да кошо өлдүм. Бул күнөөлөрүбүз үчүн Кудай өзү кечирсин. Ата-энесинен сурабай дайынсыз кеткен күйөөмдү да, аны өлтүргөндөрдү да Кудай кечирсин” деди. Көрдүңүзбү ата-энени таштап кеткенге болбойт.

Курбанов бул трагедия ХХ кылымдын башында жазылганы менен азыркы мезгилде да актуалдуу экенин белгиледи.

Белгилүү казак актеру Асанали Ашимовдун пикиринде, тажик жаштар театры негизинен мыкты чыгарманы жогорку деңгээлде ойноп беришти. “Түшүнбөстүк” спектакли француздардын философ-жазуучусу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, көзү өткөндөн кийин “Батыштын абийири” деген наам алган Альбер Камюнун чыгармасынын негизинде коюлду. Аны тажик режиссеру Нозим Меликов сахналаштырган.

19-октябрдан бери Бишкекте жүрүп жаткан эл аралык V “Арт Ордо” театралдык фестивалында Кыргызстан, Казакстан, Татарстан, Тажикстан театрлары өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат.

Калыстар тобунун төрагасы, Мухтар Ауэзов атындагы театрдын көркөм жетекчиси, СССРдин эл артисти Асанали Ашимов фестивалдын жүрүшү тууралуу “Азаттыкка”буларды айтты:

- Буга чейин көргөн спектаклдердин баары орто. Мыкты спектаклди таба албай жатабыз. Негизинен "Мыкты спектакль", "Мыкты режиссура", "Мыкты сценография", "Мыкты эркектин ролу", "Мыкты аялдын ролу", "Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу", "Экинчи пландагы мыкты аялдын ролу", "Сынчылардын тандоосу" номинациялары боюнча аныкташыбыз керек. Мында эң негизгиси Орто Азия менен Татарстан, Тажикстан театрлары келип жатат, бул жакшы. Бири-бирибиз менен ушундай карым-катышта болгонубуз дурус.

Асанали Ашимов алдыда калыстар көрө турган дагы бир нече спектакль бар экенин белгиледи. Эл аралык фестиваль ишин 23-октябрда жыйынтыктайт. ​

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG