Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бишкекте террорчу делгендер кармалды


УКМК 5 адамдан турган террорчул делген топтун мүчөлөрүн кармаганын айтууда.

Бишкек шаарында жана анын чет жакасындагы аймактарда көмүскөдө иш алып барган, ошондой эле курамы жалаң кыргызстандыктардан турган топ 17-октябрда УКМК жүргүзгөн атайын операция учурунда кармалган.

Атайын кызматтын маалымат катчысы Нурлан Токталиев:

- Кыргыз Республикасынын беш жараны кармалды. Кармалган адамдардын турак жайларын текшере келгенде бир нече атуучу курал-жарак, ок-дарылар, граната жана колго жасалган жарылуучу түзүмдөр, ошондой эле тыюу салынган адабияттар табылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, бул террорчул делген топ жакынкы бир катар террористтик аракеттерди жасоону болжоп жаткан экен.

- Аталган террористтик топ жакынкы убактарда тартип коргоо органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине каршы Бишкек шаарында бир нече террористтик акцияларды уюштурууну пландаштырып жатышкан.

Диний маселелер боюнча серепчи, “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун башчысы Кадыр Маликов буга чейин эксперттер тобу Кыргызстанда жергиликтүү террорчул топтор пайда болорун коңгуроо кылып келишкенин, бул маалымат азыр бекемделип жатканын айтууда.

Маликов буга бир жагынан кошуна өлкөлөрдөгү диний катаал саясат, экинчиден, Кыргызстандагы саясий туруксуздук, экономикалык өп-чап абал, социалдык теңсиздик себеп болууда деп эсептейт. Ал ошондой эле буга Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын чабал саясатын да кошот.

УКМК 17-октябрда колго түшүргөн топту “жихадчы-такфирчилер” деп болжогон Кадыр Маликов буларга токтолду:

- Алардын көбүндө ислам дини тууралуу базалык билим жок. Ага карабастан негизги идеологиясы - жихад уюштуруу. Тартип коргоо органдарына каршы ар кандай террористтик жолдор менен куралдуу жихад жарыялай беришет. Экинчиден, бул уюмдардын мүчөлөрү же бул сыяктуу жамааттар көпчүлүк учурда өз иштеринде кылмыш чөйрөсүнүн кыймыл-аракеттерин колдонушат. Мисалы, аларда катардагы жарандардан же байлардан күчкө салып, зекет алса, каражат чогултса болот деген уруксат бар.

2011-жылдын башында да "Жайшул-Махди" террорчул уюмунун мүчөсү деп кармалган бир нече кишиге 2010-жылы Бишкектеги спорт сарайдын жанында теракт уюштурган, АКШ жаранын тоногон, Бишкек милициясынын имаратынын жанында жардыруу даярдаган, Октябр райондук милициясынын үч кызматкерин өлтүргөн деген айып коюп, камакка алышкан.

Бирок алардын күнөөсү бар-жогу күнү бүгүнкүгө чейин сот иши акырына чыкпаганынан улам аныктала элек.

XS
SM
MD
LG