Линктер

жума, 26-апрель, 2019 Бишкек убактысы 00:32

«Экскаваторго кызыктым да калдым»


Токтогул ГЭСи.

Саткын Сасыкбаев өнөр жай темасына кыргыз жазуучуларынын арасынан биринчилерден болуп кайрылган сүрөткер эле.

Жазуучунун «Түпкүрдөгү нур» романы Сүлүктү көмүр кенинин жумушчуларынын турмушуна арналган. Бүгүн биз cүрөткердин «Машинист» аңгемесин окуп, кызылдай эмгек, талыкпаган мээнет менен эңсегенине жеткен кыргыз жигитинин баянын угабыз.

«Түтүнүңдөн айланайын, заводум!»

Өткөн кылымдын отузунчу жылдары кыргыз жергесинде да өнөр жай өндүрүшү кулач жайып, Ала-Тоо койнунда от араба жүгүрүп, жолдор салынып, республика өзгөчө бир өнүгүү жолуна түшкөн.

«Түтүнүңдөн айланайын, заводум!» деп акындар толкунданып ыр жазышкан. Окурмандарга жадыбалдай жат болуп калган Алыкул Осмоновдун «Маляр» деген ыры бар. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин эле улуу акын «Бу сыйкырдуу кесиптен эмне үчүн менин атам куру калган?» деп жамы улутташтарынын эндекей жашап жатканына ичи чыкпай, терең маанилүү ырын жазган.

Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Саткын Сасыкбаев 1926-жылы, Фрунзедеги педтехникумда окуп жүргөн кезинде Кыргызстанга келип иштеп аткан чехиялык «Интергелпо» өнөр жай кооперативи тууралуу «Эркин-Тоого» макала жазып, басылманын ошол кездеги жооптуу редактору Сыдык Карачевдин мактоосуна арзыган. Ошол киши адабиятка ынтызар талапкерге кеңеш берип, өнөр жай өндүрүшү, жумушчулар тууралуу арбын жазып турууну тапшырган экен. Саткын Сасыкбаев Сыдык Карачевди эскерген макаласында өтүмдүү темага кызыгып калышынын себебин ушундайча түшүндүргөн.

«Машинист» аңгемеси ири ГЭС курулушунда иштеген кыргыз жумушчусу, экскаваторчу Жапар Илебаевдин кантип татаал кесипти өздөштүрүп, башкалар менен тең ата жооптуу ишти аркалап калганын баяндоого арналган.

Чыгармада cүрөттөлгөн окуялардан улам кеп Токтогул ГЭСинин курулушу жөнүндөбү деген ой кетет. Асман тиреген эки зоонун ортосундагы кууш капчыгайда кылым курулушу 60-жылдары башталып, жетимишинчи жылдардын ортосунда аягына чыккан. Курулушка Жапар Илебаев да катышат. Кубаттуу техниканы башкарыш үчүн ал бир топ сыноолордон өтөт. Алгач жардамчы, кара жумушчу болуп иштейт. А бирок өзүнөн улуу-кичүү адамдар, көбүнесе башка улут өкүлдөрү техника башкарып, жакшы айлык маяна алып, жетекчилер алар менен эсептешип жатышканы намыстуу жигитти аябай ойлонтот.

Баарын жаңыдан баштайын десе үйлөнүп, очор-бачар болуп калган, ал аз келгенсип беш класстык билим менен окууну токтотуп койгон. Кыргыз жеринде кылым курулушу башталып атса майда-чүйдө кара жумушта калганы Жапарды намыстантып, кандай да болсо бир кесипке ээ болууну чечет.

«Кендеги экскаваторчулардын кесибине кызыктым да калдым. Экскаваторчу болсом эле турмушум оңолчудай көрүндү. Карап турсам өзүмдөй эле орус, украин, казак балдар экскаватордо иштеп жатышат. Кээде машинелердин жанына барып ашык болгонсуп карап турчу болдум. Ичимден: «Ай, бул татаал техниканы өздөштүрүү колумдан келбейт го? Билимден болсо караманчамын...» деп кайра үмүтсүздөнүп да калам. Анан калса биздин кендеги машинелер бир тири укмуш эле. Сүрүнөн, кебетесинен эле чочуйм».

Кызыгуусу арткан Жапардын көңүлүн алеп-желеп кылган сыйкырдуу техниканы башкарып жүргөндөрдүн арасында бир да кыргыз жок болчу. Ушул аны аябай намыстантты. «Эмне үчүн башкалар жасап аткан ишти мен жасай албайм?» деген өкүтү күчөдү.

«Болсом эле экскаваторчу болоюн…»

Татаал техниканы өздөштүрүү кандай кыйын экенин Жапар жон териси менен сезип, күн-түн дебей иштеп, окуп атты. Анын үстүнө аздек тилегин айтып бир экскаваторчу менен сүйлөшсө, ал «колуңан келбейт» дегендей кылат.

« - Ушундай быкы-чыкы деталь-техникалардын баарын үйрөнүп, алар кандай кызмат аткарарын билип, бир нече жолу экзаменден өтсөң гана экскаваторчулукка илине аласың же болбосо тим эле кой! - деген.

Бул мен үчүн абдан оор сөз эле. Бирок мендей эле жаштар экскаваторчу болуп иштеп жатышканын көрүп кайра көңүлдөнүп да калгамын. «Болсом эле экскаваторчу болоюн, болбосом бул жерден такыр катын-балам менен кошо көчүп кетейин!» – деген ойго да келдим. Бирок бул оюмду келинчегим Асылга айтканым жок. Айтканым менен да ал мындай тобокелчилик оюма оң жооп бербесине көзүм жетти. «Экскаватордун машинисти, адис болуп чыкканда гана бир мактанайын», - деп ойлодум».

Ири курулушта экскаваторчу - негизги күч, ансыз иш жүрбөйт. Татаал техниканы башкарыш үчүн мыкты адис болуш керек. Жапардын кыялындагы кесибине жетиши чоң кыйынчылыкка турду. Опсуз чоң техниканы башкарыш үчүн анын кандай иштээрин, тетиктерин билиш керек. Мурда-кийин техникага жакындабаган тоолук кыргызда үйрөнүү, билим алуу деген өжөр максат, анан да чарчабаган мээнеткечтик бар болчу. Татаал техниканын иштешин, кайсы тетиги кандай кызмат кыларын иш жүзүндө гана билиш аздык кылчу, теориялык даярдык да керек эле.

Жапар көп ойлонуп отурбай экскаваторду башкарган адамдардан билбегенин сурап, убактысы боло калса техникалык керектүү китептерди окуй баштайт. Иштеген жериндеги техникалык китепканадан керектүү адабиятын таба албай, аны Москвага жөнөп аткан таанышына табыштап, керектүү окуу китебин чоң борбордон алдырат. Кечке тытынып иштеп, жумуштан бошонгондон кийин окуусун улантып, үйгө келгенде да уктабай, китеп жазданып уктап, билим алууга катуу киришет.

«Мурда «өзүн-өзү окутуу» дегенди түшүнчү эмесмин. Анан тажрыйба жүзүндө, башка түшкөндө билдим. Киши бир ишке көңүлдөнүп бет алса ачкачылыкка да, уйкуга да, чарчаганына да кайыл болуп, кайраттанып кетет экен. Күндүз жумуш мезгилинде колум менен кармап, көзүм менен көргөн машиненин деталдарын кечинде теория жүзүндө тырышып окучу болдум. Уйкудан куруп, башым менен жер саям. Күндүз оор эмгекте чарчап иштеп кечинде окуу оңойбу? Абдан талыкшыйм. Бирок ага деле болбойм. Жумуштан кийин калып да машиненин ичине кийимчен сойлоп кирип алып ичек-боорун аңтарам».

Ким билет, башка бирөө болсо оор жумушка, окууга чыдабай татаал техниканы өздөштүрүүнү таштап коёр беле? Жапар алдыга койгон максатына жетиш үчүн болгон аракетин кылган өжөр жигит экен, болгон ой-дарты экскаватор гана болуп, ага баш-оту менен кирип кетет. Аялы балдарынын кири менен анын майланган кийимдерин колго жууп, баарынан да ошо майланышкан жабдууларды үйүнө чейин көтөрүп келип, тар үйдүн бир бурчуна жыйып алган күйөөсүнүн темир-тезегине деле кайыл болуп, турмуш-тиричилигин уланта берет. Күн кур эмес китепти колунан түшүрбөй, татаал техникалык терминдерди жаттап, майланган деталдарды чукулап, катуу аракет кылат. Жапардын антип сырын эч кимге айтпай, өзүн кыйнап атышынын себеп-жөнүнө кызыккан аялы ылайыктуу жооп ала албаган соң тим коёт.

Кендеги жумуштар бүтүп алар Бордудан Куттуу-Сайга көчүшөт. Ага чейин Жапар окуусун аяктап, дегдеген кесибине ээ болуп, маянасы жакшы кесипке даяр болчу. Улуу ГЭС курулушуна ошентип Жапар камдуу-чомдуу келди.

Тоо боорунда жайнаган техника

Жаңы жерде иштөө аябай эле кыйынга турду. Кар калың жаап, кышын-жайын суук шамалы токтобогон кууш капчыгай ичинде адамдан көп техника топтолуп, иш кызуу башталды.

«Кар бел кырчоодон жаап, кырчылдаган катуу аязда «тү» деген түкүрүк жерге түшпөйт. Тоонун башында чай кайнатып ичкидей очок да жок эле. Тамакты ойдогу кыштактан ичип келген бойдон кечке иштечүбүз. Түйүнчөккө түйүп ала келген наныбыз көк муз болуп тоңуп калат. Анда тоонун чокусуна ашкана курууга эмес, машинелерибизди коюуга түз орун жок эле. Кээде Кумбел жактан кар учуруп суук шамал, борошо ышкырчу. Тон, күрмөлөрүбүздү чечмек турсун, кайра тумактарыбызды баса кийип, челюскинчилерден бетер иштегенбиз».

Эңсеген кесибине жеткен Жапар баарына кайыл болчу. Иште дайыма алдыда, эмгегинен баар таап, жамааттын арасында баркы көтөрүлүп, кышкы бороон, жайкы аптапка карабай тоонун боорун казып, чоң курулушту алдыга сүрөгөн азаматтардын бири болуп калды. Тоо арасындагы кылым курулушуна совет өлкөсүнүн көп бурчунан жаштар келип, токтоо билбес улуу дарыяны бөгөп, электр станциясын куруу кандай кыйын экенин ал жерде болгон кишилер гана билет.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жапар түн уйкудан калып, күндүз тыным албай, кара жанын карч уруп алтынчы категориядагы машинист, татаал техниканы элпек башкарган мыкты адис болду. Аны эң жооптуу, коркунучтуу деген жерлерге коюшуп, намыскөй жигит дайым ишенимди актап жүрдү.

«Кээде машинелерибиздин да кайсы боордо турганын билбей калчубуз. Айтор, ал жылы кыш бизден каарын аяган эмес. Кээде көчкү жүрүп кар басып калабы деп да коркчубуз. Мени машинем менен эң эле бийик асканын бооруна коёрун коюп, Корниенко өзү чочуп жүргөнүн билдим. Машинемдин турган жери да муз менен кар. Таманы кылт этсе чыңга кетери белгилүү. Менин токтоо, этият иштеп жатканымы көргөн Корниенко ичинен ыраазы болуп жүрдү. Чынында жанымды оозума кармап иштедим».

Жазуучу каарманынын кышын-жайын дебей жалаң иш үстүндө жүргөнүн, жалкоолукту билбеген кыргыз жигитинин тыным албаган мээнеткечтигин, ошондой адамдар көп үчүн чоң курулуш алдыга жылып, иш ыргагы токтолбой улантылганын ишенимдүү сүрөттөйт. Жапардын машинесинен чоң курулуштагы оор техникалар кантип иштеп жатышканы алаканга салгандай көрүнөт. Анткени, ал дайым бийикте, эң оор деген участокто иштейт. Курулуш жетекчилери да Жапарга чоң ишеним артышат.

«Курбу-курбу болуп кертилген тоонун боорун үңүп, күркүрөп иштеп жаткан чоң экскаваторлор, бульдозерлер, жер ойгуч станоктор, өзү көңтөрүлмө машинелер кыжы-кыйма», дейт автор. Ээн тоонун арасындагы кубаттуу техниканы башкарган адамдар республикадагы эң ири суу электр станциясын куруп жатышкан. Кош асканын ичин оюп, кууш жерден сууну бууп, жасалма көл жасап, адамдар кыялдагынын чындыкка чыгарышты. Ошол чоң иштин ичинде Жапар Илебаев деген машинист жигит да бар эле. Саткын Сасыкбаев анын аракет-кыймылы аркылуу жаңылыкка умтулган, татаал техниканы өздөштүрүүгө кызыккан жаш адамдын образын алдыга алып чыккан.

Саткын Сасыкбаев 1907-жылы Кеминде төрөлгөн, алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын өкүлү. Токмокто мектепте жүргөндө эле «Эркин-Тоо» гезитине кабарларды жазып таанылып, кийин Кеминден Пишпекке жөө келип педагогикалык техникумга өткөн соң өмүрүн журналистика менен адабиятка арнаган. Ыр, кара сөз, котормочулук менен алектенген таланттуу жазуучу өмүрү өткөнчө колунан калемин түшүрбөй, республиканын жаңылыктарын, өзгөчө өнөр жай өндүрүшүн даңктап өттү.

Саткын Сасыкбаевдин адабий мурасынын арасынан өмүрүнүн соңку жылдарда жазган эскерүүлөрү өзгөчө кызыгууну туудурат. Бала кезинен көргөн-билгенин эсинде так сактаган жазуучу тогуз жашында үрккөн эл менен Кытайга барып, андан келгенден кийин кара жанды багуу аракетинде жүрүп кандай оор күндөрдү башынан кечиргенин, 1919-жылы Токмоктогу «Ватан» өзбек мектебинде окуп, ал жерден борбор шаар Пишпекке жөө келгенин, 123 баланын катарында педтехникумга өтүп билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун кызыктуу баяндап берген. Бул эскерүүлөр адабиятыбыздын жаралыш тарыхын изилдегендерге, өлкөбүздүн союздук республика катарында кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип, кийин анын мартабасы менен өз алдынча мамлекет болгонуна кызыккандар үчүн керек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG