Кыргызстандын борбору Бишкекте эс алып ырахаттануунун түрдүү жолу бар. Мисалы, кооз, жапжашыл парктарын аралап, эстеликтер жана элдин маданияты менен тааныша аласыз. Же болбосо асман жиреген ак карлуу Тян-Шан тоолорунун сөлөкөтүнө суктана шайтан араба, же дагы башка айланкөчөк тээп көңүл сергитесиз. Эс алуунун дагы бир жолу – кечээ-бүгүн союлган жаныбардын чүйгүн этин даамы таңдайыңды жарган жер-жемишке аралаштырып сугунуп, артынан арактан аздан жутуп эс алгандын өзү керемет.
Бирок катуу эскерте кетчү жагдай - өз башымдан өткөн окуядан улам антүүгө толук укугум бар – түнкүсүн караңгы көчөдө карайлап баспай эле койгон оң.
Бишкектин көчөлөрү, айрыкча Фрунзе көчөсүнө окшогон чоң көчөлөр, алды-артыңды карабай басчу кадимки көчөлөргө таптакыр окшошпойт. Жолдор майда-барат көчөлөрдөгү, же шаар сыртындагы асфальт көрбөгөн жолдордой эмес, албетте, бетон төшөлүп жылмаланган. Бирок караңгыда алар андайга көнбөгөн чет өлкөлүк саякатчы үчүн кадимки эле “миналанган талаага” айланат. Көркөмдөп айтсам, Бишкектин жолдору кабаттап тизилген тешиги кооз швейцариялык сырга түспөлдөшөт.
Жер астындагы ысык-муздак суу өткөргөн жана башка түтүктөрдү текшерип турууга калтырылган аңдардын үстүн жапчу темир капкак (люк) көп жерде эбак көздөн кайым болгон. Балким, аны темир сатып оокат кылгандар кымырып кетсе керек. Ага кошумча бир кезде курулган суу сордуруучу дренаждык система жарактан чыгып, ар кайсы жерде аңгек-дөңгөктүн санын арбыткан. Асфальты тегизделбеген, ар кайсы жерде “көзү ачык” аңдар күтүп турган, караңгыда электри жок капкараңгы көчөдө баратканыңызды элестетиңиз. Жөө, велосипедчен, же машине айдап баратасыз дейли.
Ток этээр жерин айтсам, жакында эле 27-июн күнү түнкү саат 10дордо мен өзүм ошондой аңдардын бирине кулап түштүм. Андан да кулап баратканымды сезгенде акробаттык жөндөмдөн пайдаланып, секирип кетем деген ойдон бутумду кырс эттире сындырып тындым. Ачуу чындыкты кабыл алгым келбей аксаган бойдон үйгө шашылдым. Оюмда тезирээк бутумдун ооруган жерине муз басып жанымдын кыйналганын басаңдатайын деп атам.
Таң атканда бутумдун ооруганы азайбаган соң, айла жок башымды шылкыйтып оорукананын травмотология бөлүмүнө кайрылдым. Швейцариянын консулдугу ыкчам кийлигише калып, илим-билимдүү кыргыз дарыгери бутумду рентгенге тартып, сөөгү сынганын аныктап, көп өтпөй гипстелген бутумду сүйрөп, жыгач таягымды колума бекем кармап сапарымды уланттым.
Максатым - Фергана өрөөнүнүн түштүк тарабында сугат-ирригация маалында сууну бөлүштүрүү ишин жаңы технологиялар канткенде жеңилдете алат деген маселени иликтемекчимин. Ушундай татаал милдетти эми колумдагы эки жыгач таякка жөлөнүп алып, күндүн ысыгы 40 градусту чапчыган аптапта аткарышым керек.
Ушул окуядан улам, Кыргызстанга такай каттаган адам катары айтаарым, 2010-жылы кезектеги чоң өзгөрүүлөр алып келген ыңкылап өлкөдө тынч жана туруктуу өнүгүүнү гана орнотпостон, Бишкектин мэри жана жолдор менен суу-канализация системасы үчүн жооптуу кызматтар башкалаанын көчөлөрүндө басып жүргөн элдин коопсуздугун көңүлгө алат деген үмүтүмдү билдиргим келет. Азырынча андай иштер колго алынганынан күмөнүм чоң.
Тобиас Зигфрид,
Цюрих, Швейцария. 18-июл, 2012-жыл