Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Төлөмүш Океев - унутулуп бараткан улуу инсан


Кыргыз кино өнөрүнүн залкар устаты, таланттуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин дүйнө салганына 11 жыл толду. “Бакайдын жайыты”, “Көк серек” - дүйнөдөгү эң мыкты 100 тасманын тизмесине кирип, маданий мурас катары бааланган.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, замандын залкары Төлөмүш Океев “Бакайдын жайыты”, “Уркуя”, "Көк серек", “Кызыл алма”, “Алтын күз”, “Кожожаш” деген тасмалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан.

Кыргыздын таланттуу уулунун жараткан баалуу эмгектери өкмөт, коомчулук тарабынан эске алынбай, анын ысымын Бишкек шаарынын бир көчөсүнө берүү, айкелин тургузуу маселеси бүгүнкүгө чейин ишке ашпаганы өкүндүрөт. Төлөмүш Океевди өмүрлүк жары Жумаш эже "Азаттыкка" эскерип баян курду:
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:00 0:00
Түз линк

- Биз үчүн, үй-бүлөбүз үчүн бул абдан кайгылуу күн. Канча убакыт өтсө дагы, Төлөмүштү ар бирибиз күн сайын эстейбиз, жоктойбуз, сагынабыз, өкүнөбүз. Анын тамашасын, күлкүсүн, акылдуу сөздөрүн уга албай куса болдук. Ойлорун, максаттарын ишке ашыра албай эрте кетти. Ошого өкүнөбүз. Анын арабыздан эрте кетиши үй-бүлөсү үчүн гана эмес, кыргыз маданияты, киносу үчүн чоң жоготуу болгон. Бирок муну сезгендер аз калды. Кээде Төлөмүштүн унутулуп баратканына кайгырабыз.

Төлөмүш Океев менен Нуртай Борбиев (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Төлөмүш Океев менен Нуртай Борбиев (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Балдары Океев атындагы фонд түзүп, кийинки муунду анын чыгармачылыгы менен тааныштырууга аракет кылышат. Төлөмүш кайтыш болгондон кийин анын ысымын киностудияга беришти. Бул үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиргенбиз. Анын аты борбордогу көчөлөрдүн бирине берилсе, эстелиги тургузулса деген ойлор бар эле. Бирок ал пландар бүткөрүлбөй жатат. Октябрь кинотеатрынын алдына "ушул жерге Төлөмүш Океевдин эстелиги турат" деген жазуу менен таш коюшту. Ага анча көп деле акча кетпейт экен. Андан да кымбат, чоң эстеликтер коюлуп жатпайбы. Биз Төлөмүштүн аты өчүп баратканына өкүнөбүз.

Тигил же бул фильмди тартаарда, сценарий жазаарда мени менен ой бөлүшчү. Кээде татаал темаларды алганда, "эмне кыласың башыңды катырып, тим эле койсоңчу", деп айтчумун. Ал анда "Жок, муну мындай жасаш керек" деп, өз оюн аягына чейин жеткирчү. Актердун кыймыл-аракеттери, көз караштары, майда деталдарга чейин ойлонуп чыгып, көрсөтүүгө аракет кылчу.

"Бакайдын жайыты" тасмасынан көрүнүш
"Бакайдын жайыты" тасмасынан көрүнүш
Тоңдун Бөкөнбаев айылында туулуп, ошол жерде мектепке барган. Айылы жээктен 7 чакырым эле экен. Балдар менен жөө барып, кечке көлгө түшүп, кечинде үйлөрүнө келишчү экен. Ысык-Көл кереметтүү, кооз жер да. Өзгөчө Тоңдун тегерегинен көлдү караганда, Тоңдун тоолору жомоктогудай көрүнөт. Ошол капчыгайларда кийин "Көксеректи", "Сүйүүнүн закымдары" деген фильмдерин тартпадыбы. Жаратылышы бир жагынан аябай катаал, экинчи жагынан өзүнө абдан тартат. Ошонун бардыгын сезип, ойлорунда сактап жүргөн. Көлдүн жээгинде туулган кишилер Ысык-Көлдү сыйкырдуу, сыймык катары сезишет го.

Жумаш эже кызы Азиза Океева менен Москвадагы эскерүү кечесинде, 2010-жыл
Жумаш эже кызы Азиза Океева менен Москвадагы эскерүү кечесинде, 2010-жыл
Бөкөнбаевден бала чагынан бери катышкан достору, кийин Фрунзедеги №5-мектепте чогуу окуган жоро-жолдоштору бар. Алар менен кол үзүшпөй, Бишкекке барганда учурaшып, конокко барып жүрөбүз. Алардын эч кимиси Төлөмүштү унуткан жок. Салижан Жигитов экөө адамдын трагикомедиялык жактарын жакшы билген кишилер эле. Төлөмүш "Салижан - чоң аналитик" деп айтып калчу.

Тилекке каршы, балдары-неберелеринен кино өнөрүнө аралашкандар чыкпай калды. "Бир неберебиз кинотармагын аркалайт" деп кыялданып калчу...

Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген. 2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

XS
SM
MD
LG