Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58
Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму. 22-январь
Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму. 22-январь

Анкарада кыргыз-түрк бизнес форуму өттү

21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында башталган кыргыз-түрк ишкерлеринин эки күндүк бизнес форуму соңуна чыкты.

Форумдун негизги максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан жүздөн ашык, Түркиядан 150гө жакын ишкер катышат. Алар эки күн ичинде тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Форумга экономика министри Арзыбек Кожошев да катышат. Бул иш-чара 4-ирет өтүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызстан достук жана кызматташтык уюму, ЖИА, эки өлкөнүн өнөр жай жана соода палаталары, экономика министрлиги менен элчиликтери саналат.

15:00 21.1.2016

Экономика министри Арзыбек Кожошев Түркиянын вице-премьер-министри Нумад Куртулмуш менен жолукту.

Жолугушууда Куртулмуш Түркия Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

15:08 21.1.2016

15:52 21.1.2016

Түркия Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар

Бул тууралуу Түркиянын Бажы жана соода министри Бүлент Түфекчи Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлер форумунда билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк экономикалык кризистен улам эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү төмөндөгөн. Бирок буга карабай кызматташууну күчөтүү зарыл экенин белгиледи. “Эгер кыргыз тарап инвесторлорго керектүү шарттарды түзүп берсе, биз ар тараптан колдойбуз” деди Бүлент Түфекчи

Бүгүн, 21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму башталды. Форумдун негизги максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан 100дөн ашык, Түркиядан 150гө жакын ишкер катышууда.

16:01 21.1.2016

Кожошев: Кыргызстан ишкерлер үчүн бейиш

Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлер форумунда айтты. Кожошевдин пикиринде, Кыргызстанда салыктар аз жана жумушчу күчү арзан.

“Баарыңыздарды Кыргызстанга чакырам. Бизге инвестиция салуу үчүн учак билетин алуу жетиштүү. Калган шарттардын баарын кыргыз өкмөтү түзүп берет” деп ишендирди Кожошев.

Бүгүн, 21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында кыргыз-түрк ишкерлеринин бизнес форуму башталды. Форумдун негизги максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан 100дөн ашык, Түркиядан 150гө жакын ишкер катышууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG