Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Гүлжигит - “Евразия жылдызы”


Гүлжигит Калыков баш байгени ыйгаруу учурунда. Стамбул, 14-январь, 2012.
Гүлжигит Калыков баш байгени ыйгаруу учурунда. Стамбул, 14-январь, 2012.

Кыргызстандык жаш ырчы Гүлжигит Калыков Түркиянын Стамбул шаарында өткөн “Евразия жылдызы” эл аралык музыкалык сынагында баш байгени утуп алды.

Түрк тилдүү алты мамлекеттин таланттары катышкан сынакта Гүлжигит Калыков обончу Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр төктү” аттуу чыгармасын аткарып, калыстардын жогорку баасын алды. Эми кыргызстандык ыр күйөрмандары Гүлжигитти тосуп алууга катуу камынууда.


Гүлжигит - forever!


14-январь түнү кыргызстандык жаштардын көпчүлүгү уктадабы көрүнөт. Коомдук телеканал аркылуу түз ободо көрсөтүлгөн “Евразия жылдызы” музыкалык сынагы түнкү саат үчкө чейин созулуп, смс аркылуу добуш берүүнүн натыйжасында Кыргызстандан барган ырчы Гүлжигит Калыков баш байгени утуп алды. Гүлжигитке сынактын уюштуруучулары 30 миң доллар акчалай сыйлык да ыйгарышты. Азербейжан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр, Түркмөнстан жана Түркиянын таланттары ат салышкан бул музыкалык сынак эмки жылы Кыргызстанда өтмөй болду.

Белгилүү ырчы Гүлнур Сатылганова да сынак болгон күнү түз эфирде кыргызстандык жаш ырчыны колдоп сүрөп турду. Ал Гүлжигитке мындай баасын берди:

- Тембри дагы, ырдоо техникасы да мыкты болду. Таланттуу жигит экен. “Евразия жылдызы” канчалык деңгээлдеги мактана турган сынак деп сурап жатасыз, бул акырындык менен “Евровидение” сыяктуу эле сынака айланат. Эмки жылы Кыргызстанда өтөт, уят болбой, чоң деңгээлде өткөрүп алсак деген тилегим бар.


Ыңкылапчы ырчылардын доору...


2005-жылдары кыргыз эстрадасында да чоң ыңкылап болгон. Сахнада жаш муундун өзүнчө тобу пайда болуп, алардын жеке концерттери аншлаг менен өтүп турду. Бирок музыка таануучулар чагылгандай тез пайда болгон жаштарды жеңил-желпи, музыкалык билимсиз жана сахнадагы “утурумдук жылдыздар” деп катуу сынга алышты.

Жаш ырчылар жергиликтүү сахнаны багындырып, өзгөчө казак ырларын которуп ырдап, ондогон клипмейкерлер пайда болду. Бирок эл аралык абройлуу музыкалык сынактарга катышкандар болгон жок. Өмүрбек Жанышов гана (Омар) орусиялык атактуу ырчы Алла Пугачеванын колунан “Алланын алтын жылдызы” сыйлыгын Юрмалада алган.

Кыргыз эстрадасынын "акуласы" аталган Мирбек Атабеков “Евразия жылдызы” атыккан Гүлжигит тууралуу мындай деди:

- Кыргызстанда ырчыларды экиге бөлүп карасак болот. Таланттуулар, анан талант кошуу эмгекчилдер. Гүлжигитти мен экинчи сөзүмө кошом. Килейген мамлекеттерди артка калтырды, абдан кубанып турам. Ал өзү музыкасыз жашай албай турган бала.

Жалпы коомчулукка анча таанымал эмес ырчы Гүлжигит Калыков заматта жылдызга айланып, миңдеген күйөрмандары пайда болду. Интернеттеги Фейсбук же Твиттер сыяктуу жаштар жапырт отурган сайттарга үңүлсөңүз, Гүлжигит деп ураалаган, куттуктоолорго толуп кеткенин байкайсыз.

TRT- Avaz телеканалынын түз обосунан алынган тасма

Гүлжигит - “Евразия жылдызы”
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG