Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Дубайдагы кыргыз боз үйү


Көргөзмөдөн бир учур.
Көргөзмөдөн бир учур.

Бул күндөрү Дубайда өтүп жаткан эл аралык “Global Village” ("Аалам айылы") көргөзмөсүндө кыргыздын боз үйү тигилип, кыргызстандык уз-чеберлер да катышууда. Бул көргөзмө тууралуу Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулдугунун консулу Учкун Эралиевди кепке тарттык.


- Учкун мырза, Дубайдагы «Global Village» көргөзмөсүнө кыргызстандыктар да катышып, кыргыздын боз үйү тигилген экен. Сөздү ушул көргөзмө тууралуу баштасак.

- «Global Village» көргөзмөсү былтыр ноябрь айында ачылган. Ал быйылкы жылдын март айына чейин иштейт. Муну Дубайда жыл сайын өтчү эл аралык фестивалдык кыштакча деп койсок болот. Фестивалдын администрациясынын маалыматы боюнча, көргөзмөгө бул жолу жалпысынан 4,5 миллиондон ашуун адам келиши күтүлүп атыптыр. Быйыл ага 25тен ашуун өлкө катышып жатат. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен көргөзмөдөгү жалгыз мамлекет. Акыркы жолу кыргыз боз үйү бул фестивалдык кыштакчага 2006-жылы тигилген экен. Ошондон бери Араб Эмираттарында кыргыз көргөзмөсү ачылган эмес.

Көргөзмөдөгү кыргызстандыктар: ортодо консул Учкун Эралиев (солдо) менен ишкер Кубанычбек Төрөбаев (оңдо).
Көргөзмөдөгү кыргызстандыктар: ортодо консул Учкун Эралиев (солдо) менен ишкер Кубанычбек Төрөбаев (оңдо).

Былтыр күзүндө Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулдугу, Дубайдагы кыргыздын ишкер жигиттери чуркап жүрүп, ушул көргөзмөнү ачууга жетиштик. Көргөзмөнү уюштуруу иштерин Бишкектеги сооданы өнүктүрүү палатасы колго алып, биз менен бирге иш алып барды. Көргөзмөнү ачууда өзгөчө Дубайдагы кыргыздын ишкер жигиттеринин бири, Кыргызстандын экономика министрлигинин БАЭдеги өкүлү Кубанычбек Төрөбаевдин эмгеги зор болду. Анын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Эмират өкмөтү тарабынан кыргызстандыктарга боз үй үчүн бекер жер бөлүнүп берилди.

- Көргөзмөгө кимдер катышууда, боз үй менен кошо дагы кандай буюмдар коюлду?

- Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча CACSARK.KG коомдук уюмунун алдында түзүлгөн ресурстук борборунан уз-чеберлер катышып, жибек, кийизден колго жасалган кийим-кечеден баштап, үй тиричилигинде колдоно турган буюм-тайымдарды көргөзмөгө коюп жатышат.
Эмиратта иштеген дизайнерлер кызыгып, кыргыздын оймо-чиймелери, этникалык сүрөттөрү менен үй жасалгасын жасоо демилгесин көтөрүп атышат...

Бул буюмдарда кыргыздын салттык оймо-чиймелери, ошондой эле архаикалык, этникалык элементттери камтылган. Эң негизгиси - материалдары да жалаң колго жасалган. Кыргыз көргөзмөсү Эмиратка келген туристтердин да, жергиликтүү калктын да чоң кызыгуусун жаратып атат. Чындыгында бул сүрөт, оймо-чиймелер кыргыздын бай тарыхындагы маданиятын, кулк-мүнөзүн түшүндүрүп тургандай эле таасир берет.

Ошондой эле Кыргызстандан бал алып келишти. Бул жакта балдын консистенциясына, накталыгына, ар кандай түрүнө чоң баа берип жатышат.

- Кызыгуу кандай болуп жатат, көргөзмөгө кимдер келип жатат?

Көргөзмөдөн бир көрүнүш.
Көргөзмөдөн бир көрүнүш.

- Бириккен Араб Эмираттары – туризм, бизнес, рээкспорт менен экономикасы гүлдөп өсүп жаткан мамлекет. Андыктан бул жерге туристтер да, бизнес чөйрөсүндөгү адамдар да, жергиликтүү калк да көп келет. Кыргызстандын продукциясына ар тармактан кызыгуулар көп эле болуп атат. Туристтер сувенир, кийим-кечени өздөрү үчүн алышса, бизнес чөйрөсүндөгүлөр тарабынан кээ бир буюмдарга абдан чоң кызыгуу болуп атат.

Дегеним Эмиратта иштеген дизайнерлер кызыгып, кыргыздын оймо-чиймелери, этникалык сүрөттөрү менен үй жасалгасын жасоо демилгесин көтөрүп атышат. Буюрса жакын арада айрым чет өлкөлүктөрдүн үйлөрү, кеңсе жасалгасы кыргыз маданиятын камтышы толук мүмкүн.

Кыскасы биздин боз үйгө кирип, буюмдарды, сүрөттөрдү көрүп, балыбызды ооз тийген ар бир көрүүчү суктануу менен эле кетип атышат. Алар Кыргызстан жана анын жаратылышы тууралуу көп суроолорду берүүдө. Турист катары барабыз дегендер абдан эле көп. Айрыкча Кыргызстандын жеринин кооздугуна суктанып жатышат. Боз үйдүн жанына Кыргызстандын жаратылышын көрсөткөн техникалык каражаттар да (TV, DVD, плакаттар) коюлган.

Кыргыздын улуттук кийимдерин кийген, араб, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн кыздарыбыз боз үйгө келгендерди боорсок менен тосуп алып жатышат. Жалпысынан бул көргөзмөгө Кыргызстандан отуздан ашуун адам катышууда.


Дубайдагы көргөзмөдөн сүрөт баян

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG