Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Жумушсуздар катары калыңдады


Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

Былтыркы расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы эмгекке жарамдуу 2,5 миллионго жакын калктын сегиз пайыздан ашыгы жумушсуз.

Көз карандысыз байкоочулар Украина жаңжалына байланышкан Орусиядагы экономикалык кризис Кыргызстанда жумушсуздуктун өсүшүн шарттап жатканын айтышууда. Буга биринчи кезекте мигранттардын маяналарынын азайышы жана жумушсуз калып жатышы себеп болууда. “Азаттыктын” кабарчылары Кыргызстандагы жумушсуздуктун себептерин, иши жок жүргөндөрдүн жан багуу аракеттерин иликтеп көрүштү.

Кыргызстандыктарды жумуш менен туруктуу жабдып келаткан эки ири тармак – жеңил өнөр жай жана курулушта быйыл иш орундар кыскарып, алардын эсебинен жумушсуздардын катары өсүп жатат. «Азаттык» тактаган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда иш орундарынын азайышына Орусиядагы экономикалык кризис олуттуу таасирин тийгизүүдө. Темага кененирээк кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов токтолот.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00
Түз линк

Баткенде расмий маалымат боюнча жумушсуздардын саны өтө деле көп эмес. Бирок аймактан жумуш таппай жаз алды менен Чүй жана Ноокат тарапка агылгандардын саны акыркы кезде арбыды. Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаров жумушсуз жүргөндөр менен жолуккан.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
Түз линк

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жумушсуздуктун орточо деңгээли бүгүнкү күндө 8% ашуун. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясаты башкармалыгынын башчысы Аида Ажихожоева билдирди. Анын айтымында, жумушсуздук маселеси айрыкча Баткенде жана Нарында курч. Маекти уюштурган кабарчыбыз Рахат Кеңешова.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
Түз линк

500 миңге жакын калк жашары айтылган Ош шаарында 2400 адам жумушсуз деп расмий катталган. Ал эми мамлекеттик жана жеке секторлордо расмий иштегендердин саны да көп эмес. Иш орду барлардын да жумушсуздардын да катарына кошулбаган жүз миңдеген адам кантип тирилик кылууда? Кененирек аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.​

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00
Түз линк

Бишкекте жумушсуздардын көбү эмгек биржалары аркылуу күндөлүк ар кандай кара жумуштарда жалданып иштеп, жан багышат. Лев Толстой көчөсүн бойлой жайгашкан Бишкектеги жумушсуздардын бейрасмий ири биржасына кабарчыбыз Эмил Чекиров барып келди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG