Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Аманбаеванын иши парламентте талкууланды


Депутат Урмат Аманбаева өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келүүдө.
Депутат Урмат Аманбаева өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келүүдө.

Баш прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеш депутаты Урмат Аманбаевага карата козголгон кылмыш иши боюнча парламентте маалымат берди.

Депутаттар Аманбаеванын коррупция беренеси боюнча айыпталышы, тергөө тобунун мүчөсү Мирбек Расуловго байланыштуу суроолорду берип, кызуу талаш-талкуулар орун алды.

Баш прокурор: Аманбаеванын күнөөсү аныкталууда

13-ноябрда баш прокурор Аида Салянова Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дары-дармек менен камсыздап келген делген “БУМ” фирмасы депутат Урмат Аманбаевага таандык экени тергөөдө аныкталганын парламентте билдирди. Ага ылайык, Аманбаева коррупциялык айла-амалды аталган борбордун жетекчиси, аптеканын башчысы, “БУМдун” жетекчиси жана дарыгерлер менен бирге жасалма документтердин негизинде ишке ашырып келген:

Баш прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештеги жыйындардын биринде.
Баш прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештеги жыйындардын биринде.

- "БУМ” дегенди чечмелей келгенде “Бирге, Урмат, Манзура” дегенди түшүндүрөт. Чынында “БУМ” жоопкерчилиги чектелген коому Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна эч кандай дары-дармек берген эмес. Урмат Аманбаева бухгалтериялык документтерге, отчеттерго жалган маалыматтарды киргизип, дары-дармек “БУМ” ЖЧКсынан келди деп көрсөтүп жүргөн. Ошол жалган документтердин негизинде “БУМдун” банктагы атайын эсебине дары-дармек үчүн деп акча каражаттары которулуп келген. Улуходжаева “БУМдун” жетекчиси катары ал акчаны алып, анын беш пайызын өзүнө, ал эми 95 пайызын Аманбаевага берип турган. Ош облусундагы кургак учукка каршы күрөшүү борборундагы тендер боюнча комиссиянын төрайымы Урмат Аманбаева болуп жүргөн. Тендердик документтерге Улуходжаева Аманбаева айткан сумманы көрсөтүп келген.

Аида Салянова мындай коррупциялык схема 2009-жылдан 2013-жылга чейин уланганын белгиледи. Анын айынан өлкө казынасы 17 миллион сомдон ашык чыгым тартканын кошумчалады.

Талаш жараткан берене

Парламентте депутаттар баш прокурордон Урмат Аманбаевага кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси, тактап айтканда "коррупция" боюнча козголушу тууралуу түшүндүрмө сурашты. Мыйзамга ылайык, мындай берене менен айыпталган депутатты Башкы прокуратура Жогорку Кеңештен уруксат сурабай эле камакка ала алат. Ушундан улам баш прокурорду Аманбаеваны камоо үчүн атайын ушул беренени колдонду деп айыптагандар чыкты.

Андан сырткары Урмат Аманбаеванын ишин тергеп жаткан топтун мүчөсү Мирбек Расуловдун аты да талкуу жаратты. “Ата Журт” фракциясынын төрайымы Жылдыз Жолдошева Расулов мурунку бийликтин тушунда бир топ чуулгандуу иштерди тергегенин, анда бийликке жаккан саясий чечимдерди чыгарып келгенин жарыялады:

Жылдыз Жолдошева.
Жылдыз Жолдошева.

- Ал жигит 2010-жылы 6-7-апрелде Алмазбек Атамбаевди катуу тергөөгө алган жигит дейт. Исмаил Исаковду да тергеп, ошондой туура эмес чечим чыгарган. Медет Садыркулов каза болгондо ал өлтүрүлгөн эмес, жол кырсыгы болгон деп бүтүм чыгарган экен. Коркутуп-үркүтүү ыкмаларын да колдонгон деген маалымат келип жатат. Эми ошол Расулов азыр барып алып көбүн коркутуп-үркүтүп, “айтпасаңар баарыңарды камайм” деп жосунсуз жоруктарга барып жатат деген сөздөрдү уктук.

Адвокат: Аманбаеванын күнөөсү жок

Баш прокорор Салянова Мирбек Расуловго байланыштуу арыздын жоктугун, эгер түшсө териштирилерин айтты:

- Бүгүнкү күндө Расулов мыйзамга каршы аракеттерди жасаган деген бир дагы маалымат, бир дагы кат, бир дагы документ жок. Эгер өзүңүз айткандай, туура эмес иштерге барып жаткан болсо, тиешелүү тараптар арыз жазсын, мен өзүм баш болуп текшерем.

Кыргызстандагы ооруканалардын бири.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири.

Урмат Аманбаеванын адвокаты Нургазы Сыдыков баш прокурордун айткандарын четке кагууда. Анын ырасташынча, кылмыш иштин "коррупция" беренеси менен козголушу негизсиз:

- Урмат Аманбаева, же анын бир дагы тууганы “БУМ” фирмасынын негиздөөчүсү эмес. Депутаттын бул фирмага эч кандай тиешеси жок. Салянова Аманбаева башкы бухгалтер болуп иштеп турганда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп билдирди. Бул кызматтык кылмыш болуп саналат деп жатат. Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси менен айып тагыла турган мамлекеттик кызматкерлердин тизмеси бар. Оштогу Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы бухгалтери деген кызмат бул тизмеде жок. Аманбаеванын ошол кездеги ишине байланыштуу мындай берене менен кылмыш ишинин козголушу негизсиз жана мыйзамсыз.

Башкы прокуратура Урмат Аманбаевага кылмыш ишти ушул айдын башында козгогон. Учурда депутат ооруканада жатат жана операция болгону маалымдалууда. Аманбаеванын бир тууган иниси акыйкатчы Бакыт Аманбаев эжесине кылмыш ишинин козголушун айыптап, аны өз ишмердүүлүгү менен байланыштырган эле.

XS
SM
MD
LG