Бул тууралуу Виржиния штатынын Александрия шаарындагы ишти караган соттун кеңсесинен “Азаттыкка” билдиришти. Бирок Сыдыков тергөө маалындагы талаптарды аткара алары аныкталгандан кийин бошотула турган болду.
Аны менен кошо кармалган Казакстандын жараны Элдар Резванов камакта калды. Анын маселеси боюнча соттук угуу 7-мартта уланмай болду.
27-февралда Американын Виржиния штатынын Чыгыш округунун прокуратурасы Сыдыков менен Резвановду курал-жарактардын бөлүктөрүн Чеченстанга ташууга аракеттенген деген шек менен кармаган.
Бул ишти иликтеген АКШнын Ички коопсуздук департаментинин атайынын агенти Майкл Гручаштын көрсөтмөсүндө аталган эки адам Чеченстандагы жана башка жактардагы чет өлкөлүк банктардан АКШга акча котортуп, ал акчага “Глок” тапанчаларынын бөлүктөрүн, АК-47 автоматынын окторун сатып алып турганы, аларды “ашкана буюмдары” катары Чеченстанга жөнөтүүгө аракет кылганы айтылат.
Буга чейин Тенгиз "Республика" гезитинин башкы редактору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу экени белгилүү болгон. 24.kg сайтына берген комментарийинде Замира Сыдыкова баласы тууралуу "IT компанияда иштейт, курал сатууга эч кандай тиешеси жок" деп айткан. Ошондой эле журналист кармалгандарга айып тагыла электигин белгилеп, уулунун ысымы "кармалган экинчи адамга байланыштуу аталып жатышы мүмкүн, анткени мурда батирде чогуу турушкан" деп түшүндүргөн.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын чоо-жайы тууралуу маалыматты тактап жатат.
Ал арада Тенгиз Сыдыковдун бир тууганы Чыңгыз Сыдыков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу атайын комитеттин өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Ал УКМК Сыдыковго соңку учурда маалымат каражаттарында жазылган билдирүүлөрдү тактоо үчүн суроолор узатылганын кошумчалады.
- Америкадагы кыргызстандыктардын курал сатууга тиешеси бар деген маалыматты тактоо үчүн, териштирүү иштеринин алкагында Чыңгыз Сыдыковду УКМКга чакырдык. Анткени маалымат каражаттарында чыккан маалыматтарда Чыңгыз Сыдыковдун ысымы да айтылып жатат. Биз ошону гана тактадык.
Американын Виржиния штатында жашаган кыргызстандыктар Чеченстанга ташылган курал аткезчилигине айыпталып кармалганын 1-мартта wjla.com сайты жазып чыккан.
АКШнын мыйзамдарында курал аткезчилиги үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы айтылды.