Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Аксы: чек арадагы чатак жөнгө салынды


14-ноябрда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен жеринде жолдо бараткан кыргызстандыктардын үч машинасы таш бараңга алынды.

Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, бул боюнча эки мамлекеттин чек арада жашаган өкүлдөрү да жолугуп, өз ара мунасага келишкен.

Окуя 14-ноябрда күндүзгү саат 3 жарым чамасында Аксы-Ала-Бука чоң жолунда орун алган. Чек арада жашаган Өзбекстандын 10-15 чакты жараны кыргызстандыктардын "Ауди" жана "Фольксваген" үлгүсүндөгү эки жеңил машинесин жана бир жүк ташуучу КамАЗды таш менен уруп, качып кетишкен.

Окуя боюнча ИИМдин түштүк аймагы боюнча басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев “Азаттыкка” буларды маалымдады:

- Окуя Аксы районунун чыга беришинде, Ала-Бука районуна жакын жердеги Өзбекстан менен чектешкен жерде болгон. Өзбек жарандары чыгып, жолдо өтүп бараткан машинелердин терезелерин талкалап салышкан. Бул боюнча Өзбекстандын милиция кызматкерлери да келип, териштирген. Алар учурда бейбаштык кылган адамдарды таап беребиз дешүүдө.

Таалайбек Сусунбаевдин билдиришинче, адамдардын денесине эч кандай зыян тийген эмес жана учурда келтирилген материалдык чыгымдар эсептелүүдө. Ал эми таш ыргыткандар Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Нанай айылынын тургундары экени айтылууда.

Аксы районунун акими Медет Айдаралиев окуя боюнча эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да жолугушуп, сүйлөшкөнүн билдирди.

- Чек арачылар, райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ошол замат келип, бардык маселе жеринде чечилди. Азыр ал боюнча эч кандай маселе жок. Тынчтык, ынтымак болсун деп, өзбек өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөр болду. Ал жерде чек араны бизге караштуу жол бөлүп турат. Жолдун аркы тарабы Өзбекстандын аймагы.

Чек аралар такталса...

Өзбекстандын жергиликтүү тартип коргоо органдары бул окуя боюнча өздөрүнүн төрт жаранын жоопко тарууга убада берген. Жалал-Абаддагы бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жолдогу мындай окуялар биринчи гана ирет болуп жаткан жери жок.

Облустун мурдагы губернатору Бектур Асанов чагымчылар жана мыйзам бузуулар гана болбосо, чек арада жашаган элдердин достугуна жана ынтымагына эч ким көлөкө түшүрө албайт дейт.

- Жакшы мамилени эл өзү түзүп алат. Бир канча жылдан бери чек арада коюн-колтук алышып жашап келген элде талаш деле болбойт. Балким кайсы бир адамдар тукуруп, мыйзам бузуулар болушу мүмкүн. Эгер мыйзамдар сакталып турса, эч кандай олуттуу көйгөй деле болбойт.

Өзбекстанга жана Тажикстанга жакын отурукташкан кыргыз айылдары чек аранын айынан кошуна жарандар менен кез-кез чатакташып келет. Байкоочулар мындай чыр-чатактарга чек аранын такталбаганы, такталса да эки мамлекетти бөлүп турган белгилердин жоктугу, суу, жайыт жана жол талаштар себеп болууда деп санашат. Маселен, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда эле Өзбекстан менен тактала элек 42 тилке бар. "Талаш тилкелер Аксыда да бар", - дейт аким Медет Айдаралиев.

Ал эми жолдо бараткан машинелерди таш бараңга алуу окуясы август айында Тажикстан менен чектешкен Баткен облусунда да болгон. Анда тажик жарандары кыргызстандыктардын машиналарын ургулаганы айтылып, чыгымды төлөп берүүгө убада кылышкан болчу.

XS
SM
MD
LG