Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Кадамжай: беш кадам жерден өтө албай...


Кыргыз-өзбек чегиндеги Кыргызстандын чек ара, бажы бекети, Кадамжай.
Кыргыз-өзбек чегиндеги Кыргызстандын чек ара, бажы бекети, Кадамжай.

Кадамжайлыктардын эң көйгөйлүү маселелеринин бири - чек ара. Чек ара тоскоолунан улам кээде 500 метрде арыда көрүнүп турган өз аймагыңа өтө албай, бир канча чакырымды айланып өтүүгө туура келет.

Баткендин Өзбекстанга чектеш бул аймагында чек ара көйгөйү арбын. Эки өлкө чек аралары блсо алиге такталып бүтө элек. Бүтмөк тургай созулгандан созулууда. Бири-бири менен чырмалышкан, талаштуу делген жерлер да толтура.


Жабык чек ара, кыйналган эл

Өзбекстандын чек арачыларына балдар, тээ көрүнгөн менин кызымдын үйү, учуп өтөйүнбү, не кылайын десем да өткөзбөйт...


Бул аз келгенсип ички жолдордун абалы да начар. Чырлуу учурларда Өзбекстан чек арасын жаап койсо, район же облус борборуна таштак, өңгүл-дөңгүл жолдор менен бир канча чакырымды айланып барууга туура келет. Чек арага танапташ айылдардын тургундары Өзбекстандагы тууган-урук, куда-сөөктөрү менен да катташа албай калды.

Кыргыз-өзбек чегиндеги Өзбекстандын чек ара бекети.
Кадамжайлык Мурзакарим аксакал биз жолукканыбызда эле арыз-арманын айтып кирди:

- Өзбекстанда тагаларыбыз, кызыбыз бар, келин алганбыз. Ошого барды-келди аябай кыйын болуп атат. Чек арадан өткөрбөй атат да. Жогорураакта Өзбекстандын чек ара бекети бар. Ал жерге барып, чек арачыларга балдар, тээ көрүнгөн менин кызымдын үйү, учуп өтөйүнбү, не кылайын десем да өткөзбөйт. Анан кошунамдын кызы ошол жакка турмушка чыккан. Кайындарынан бирөө өлгөн экен. Ага бул жактан бара алышпай, ошо кызы эптеп жолун таап бул жакка өтүп келип, куран окутуп кетти.

Ак сакалы жайкалып, жашы 85ке барса да баскан турганы тың карыя Мурзакарим Сейитов Баткендин Өзбекстанга чектеш Халмион айылында турат. Ал эки өлкө Союздук Республикалардын курамында турган заманды да эскере кетти:

- Союз убакта бейубак кете берет элек. Самарканддан бери бардым. Каякка барасын, эмнеге кетип атасын, документ кана деп бирөө да сурап койчу эмес.


Токтосоң эле “токонаалатка” каласың

Токтоп турганда өзбек чек арачы келип калса унааң менен кошо алып кирип кетет, канча миңдеген айып пул төлөйсүң, анан чыгарат...


Кадамжайга кирип баратканда 15 чакырымдай жол Өзбекстан аркылуу өтөт. Баткендик Жапар Момунов жумушуна байланыштуу унаасы менен транзиттик макамы бар бул жолдо көп каттайт. Ал Өзбекстандын аймагынан өтүп баратканда таптакыр токтобогонго аракет кылаарын айтат:

Кадамжайдагы кыргыз чек арачылары.
- Эгер Өзбекстандын аймагына киргенден кийин кокустан унааң бузулуп калса, же ысык жан да, адам ооруп кала турган болсо проблема жаралат. Токтоп турганда чек арачы келсе унааң менен кошо алып кирип кетет, канча миңдеген айып пул төлөйсүң, анан чыгарат. Кыргызстандын жараны экен деп убактылуу абакка түшүп чыккандар да бар...

Ошол жолго жакын жайгашкан Көк-Талаа айылынын тургуну Бусайра Курмушуеванын айтымында, айрым учурда транзиттик жол да жабылып калат. Өзгөчө былтыркы апрель, июнь окуяларында эки-үч айлап буулган экен.

- Эң эле кыйынчылык бизде. Кээде мына бул жол да тосулуп калат, мына тиги чек арачылар турган жерден. Кыргызстандан, же Өзбекстандан кичине бир ызы-чуу чыга турган болсо өзбекстандыктар биздин чек арачылардын алдына блок-постторун коюп коюшат. Анан чычкан да жөргөлөй албайт. Андай учурда тээ адыр менен каттайбыз.


Тоо-таш кимдики?

Өзбекстандын жарандары эркин эле чыгып, тоодон таштарды кулатып, машина-машина кылып эле жүктөп алып кетип атат...


Көкталаалык дагы бир тургун Пазилат Халикова транзиттик жолдун бир тарабында Кыргызстандын тоолору, экинчи тарабында Өзбекстандын айылдары жайгашканын белгиледи. Ал ары-бери каттап жүрүп, өзбекстандык жарандар Кыргызстандын аймагынан беймарал эле таш ташып жатканын көргөнүн кеп кылды.

- Жумушка байланыштуу күндө ары-бери каттап, байкайбыз. Муну териштирген адам да жок болуп атат. Өзбекстандын жарандары эркин эле чыгып, тоодон таштарды кулатып, машина-машина кылып эле жүктөп алып кетип атат.

Бул маселе буга чейин деле бир нече курдай айтылып келген. Бирок Кадамжайдын акими Токтомат Ганиев мындай сөздөрдү четке какты:

- Бул мындайча айтканда жалган сөз. Бүгүн Кыргызстандын чек ара кызматы аябай жакшы иштеп атат. Эң күчтүү Айдаркен чек ара отряды бар. Беш жерде застава бар. Бөтөн бирөө кирип биздин чек араны буза албайт. Ошо таш алып жаткан жер - Өзбекстандын аймагы.

Ошол эле учурда акимдин минтип “бул аймак Өзбекстандыкы” деп так кесе айтканынан күмөн санагандар да жок эмес. Анын үстүнө чек аралар азырынча такталып бүтө элек...

Жогоруда айтылып өткөндөй, Кадамжайга Өзбекстанга кирбей эле адыр жак менен айланып өтө турган да жол бар. Бирок ал узагыраак жана асфальт төшөлбөгөн, анын үстүнө каралбай тамтыгы чыккан. Транзиттик жол жабылса айла жок ошол жак менен катташат. Кадамжай районунун акими ал жолду оңдоого Европа өнүктүрүү банкы 10 миллионго жакын евро бөлгөнүн, оңдоо иштери төртүнчү кварталда башталып, эмдиги жылы бүтөөрүн билдирди.
XS
SM
MD
LG