Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

Улуу Жеңиш


Бүгүн Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Жеңиштин 67 жылдыгына арналган салтанат өтүп жатат.

Салтанатка Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлери жана президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө башчылары катышты.

Улуу Жеңиштин 67 жылдыгына карата уюштурулган салтанатта Өчпөс отко гүлчамбар коюлду. Ардагерлерди куттуктаган президент Алмазбек Атамбаев согуштун катышуучуларынын эмгеги эч качан унутулбастыгын белгиледи.

Майданда жана оорукта эмгектенген ардагерлерге, бийлик өкүлдөрүнө 100 граммдан арак, кара нан жана аскердик ботко берилди.

Ошондой эле салтанаттын катышуучуларына 40-жылдардагы курал-жарактардын көргөзмөсү да уюштурулду.

Бүгүн жер-жерлерде Жеңиш күнүнүн урматына иш-чаралар өтүп жатат. Буга чейин Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы бул күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, күч структуралардын жана ар кайсы мекеме өкүлдөрүнүн катышуусунда парад өтөөрүн маалымдаган. Ошондой эле бир катар спорттук жана маданий иш-чаралар уюштурулду.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2343 согуштун, 8 миңден ашуун ооруктун ардагери бар. Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышкан.

XS
SM
MD
LG