Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Эл үнү: “Эсиң барда этегиңди жап”


Нарын аймагы. 18-ноябрь, 2010-жыл.
Нарын аймагы. 18-ноябрь, 2010-жыл.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар парламент депутаттарынын коалиция түзүүнү кечиктирип жатканына тынчсыздануусун билдиришти.

Ошондой эле коомдогу абалга кайдыгер карап, пикирин ачык билдирбеген интеллигенцияга капа болгондор, коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдорун, Бишкекте жолбун иттер көбөйгөнүн айткандар болду.

Бишкек шаарынын тургуну Бүбүажар Калматова:
Азыр Кыргызстандын жалпы калкын түйшөлтүп жаткан парламентте коалиция түзүү маселеси. Элибиз "ары карап ыйлап, бери карап күлүп",-дегендей парламенттеги депутаттарга добушун берди.

Эми ушул депутаттарга абдан жакшы мүмкүнчүлүк берип, эл үчүн, мамлекет үчүн иштеп берсин деп ишеним көрсөтсөк, айрым депутаттар элдин кызыкчылыгынан өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп, жеке амбицияларынын туткунунда калып, парламентте коалиция түзүү мөөнөтүн узартып келатышат.

Азыр ар бир саат, ар бир күн биз үчүн кайрылгыс болуп кетип атат. Ушул күндөрдү туура пайдаланып, кыргыз элинин пайдасына, кызыкчылыгына жумшаса жакшы болот эле. Тилекке каршы андай болбой, көр пенделик, чөнтөк кызыкчылыгынан чыга албай, "мен баланча кызматты алсам жакшы болот эле" деген жеке кызыкчылыгын ойлоп отурушат. 5 миллиондон ашуун кыргыз эли кыш күрөөдө кыйналып жатканы, азык-түлүктүн баасынын кымбатташы урматтуу депутаттарды түйшөлтпөйбү?

Талас шаарындагы нааразылык акция. 6-апрель, 2010-жыл.
Талас облусунун Кара-Буура районунан Отунчу уулу Элүүбай:

-
Азыркы парламенттеги абал бүт Кыргызстанды ойлонтуп турат. Кандай мамлекет болот? Кандай парламент болот? Биз эки президентти кубалаганда жакшы заман болсо экен, теңчилик болсо экен, карапайым элдин турмушун караса экен, ошолорго камкордук кылса экен деп үмүт кылганбыз.

Эл келечектен жакшылыкты тилек кылып, шайлоодо депутаттарга добуш беришти. Кээ бир депутаттарды туура эмес шайлап алганын азыркы парламенттин ишин көрүп алып, эл эми түшүнүп өкүнүп жатышат.

Депутаттар өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп, өздөрүнүн адепсиздигин көрсөтүп жатышат. Бул элдин ичинде нааразылык туудурууда. Депутаттар бири-бирине өздөрүнүн интригасын токтотуп, эл үчүн иштеши керек. Алар ойлоп жатышат “папкеге” жетиштик деп. Элде жакшы сөз бар, “эсиң барда этегиңди жап”,-деген. Депутаттар “этектерин жапсын”. Элдин талабы ушундай. Эгерде антпесе эртеби кечпи эл алдында маскара болушат.

Оо, коррупция, коррупция...

“Апрель” элдик кыймылынын лидери Бакыт Бакетаев:
Азыр Кыргызстанда 3 миңге жакын коомдук, бейөкмөт уюмдар бар. Алардын көпчүлүгү коррупция менен күрөшүп, коомчулукка маалыматтарды берип турат. Эми Жогорку Кеңешке баш ийген “Коррупцияга каршы күрөшүү” агенттигин түзүү керек. Ошол парламенттеги саясий партиялар, фракциялар бири-бири менен макулдашып, бири-бири менен комиссарды шайлашса, ал комиссар көз карандысыз болуп калат.

Биринчи тепкичин Кыргызстан жасады – бул революция. Аны жасап, коомдук түзүлүштө өзгөрүүлөр болуп жатат. Экинчи тепкич - Жогорку Кеңеш шайланды. Беш фракция болду. Эми үчүнчү тепкич парламент алдында коррупцияга каршы агенттик түзүп, комиссарды шайлоо. Анан ошол жерде коррупция менен күрөшүү саясатын жүрүзүү керек.

Коррупция менен күрөшүү оңой эмес. Анын калың эл билбеген көп сырдуу, көп амалдуу жолдору бар. Муну түзүү үчүн биздин президенттин, Жогорку Кеңештин саясий эрки болушу керек. Хирургиялык жол менен эмес, терапия ыкмасы менен Кыргызстанды коррупциялык оорудан сакайтуу зарыл.

Бишкек шаарынын тургуну Кушубак Өмүралиев:



Бишкек жолбун иттердин борборуна айланабы?

"Азаттыктын" фото архивинен
Бишкек шаарынын 9-кичи районунун тургуну Гүлсана:
- Бишкекте жолбун иттер, кароосуз калган мышыктар көбөйдү. Балдарыбыз, неберелерибиз мектептен келе жатканда аларга жолбун иттер кол салган фактылар бар. Мына ушул көйгөйлүү маселени шаар мэриясы жөнгө салса болот эле. Топ-топ болуп жүргөн иттердин арасында кутурма оорусу пайда болсо эмне болот?

Дагы бир көйгөй көп батирлүү үйлөрдө 2-3төн ит, 5-6дан мышык баккандар бар. Муну шаардык кеңеш карап ит-мышык жана башка майда жандыктарды көп кабаттуу үйлөрдө багууга чектөө киргизсе жакшы болот эле. Кээ бир подьезге кирсең мышык, иттин сасык жыты жыттанып турат. Ээлерине барып айтсаң, “каалагандай багабыз. Ишиң болбосун, кимге барсаң, ошого бар. Билгениңди кылып ал”,-деген орой сөздөрү угабыз. Эми баш калаабыз Бишкек ит-мышыктын борборуна айланабы? Ушуну жөнгө салган бийлик барбы бизде.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 же 31-61- 53 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG