Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

“Эл үнү”: Чындык ким тарапта?


7-апрелде набыт болгондордун жакын туугандары. 13-октябрь, 2010-жыл
7-апрелде набыт болгондордун жакын туугандары. 13-октябрь, 2010-жыл

“Эл үнү” программасына Талас шаарындагы оорукананын дарыгерине, Башкы прокуратуранын тергөөчүсүнө нааразы болгон угармандар кайрылышты.

Талас шаарынын тургуну Сабира Каратаева: Мен 2010-жылы 10-ноябрда Кара-Буура районунан келатып Бакыян айылында жол кырсыгына учурап, Кара-Буурадагы оорукананын травматология бөлүмүнө жеткирилгем. Ал жерде ренгтген жок болгонунан улам Талас шаарындагы травматология бөлүмүнө жолдомо беришти. Таластагы бөлүмдүн жетекчиси Жолдош Үркүнбаев жеңил жаракат алды деген диагноз менен 9 күндүн ичинде эки балдак менен ооруканадан чыгарып жиберди.

Оор абалда үйгө барып, оорум жакшы болбой эле күчөгөнүнөн улам аймактык дарыгер келип, ал неврология бөлүмүнө жолдомо берди. Неврология бөлүмүндө даарылангандан кийин, алар Бишкектеги томографияга жөнөтүштү. Ал жерден томографияга түшсөм бел омурткамда жаракалар бар экен, чычаңым сынып, кайрылып калыптыр. Кыскасы ушундай оор абалда “жеңил жаракат алгансың” деп Жолдош Үркүнбаев туура эмес диагноз койгонунан улам, үч айдын ичинде үч жолу ооруканага жаттым. Дагы операция жасай турган болду.

Ушул аралыкта мен ден соолугума 45 миң сомдон ашуун каражат сарптадым. Моралдык, материалдык чыгымды ким төлөйт? Ошол кырсыкка түздөн түз себепкер болгон Талас - Кара-Буура каттамы боюнча “Одиссей” таксисинин ээси Максат Дүйшекеев, ошол биз түшкөн таксини сүзгөн “Жигулинин” ээси жоонтөбөлүк Чыңгыз Барпиев Жолдош Үркүнбаевдин “жеңил жаракат” деп койгон диагнозуна таянып мага жардам бермек түгүл, жоопкерчиликтен качып жүрүшөт. Менин маселеме тартип коргоо органдары көңүл буруп, акыйкат чечип берет деген үмүттөмүн.

Талас шаарындагы травматолгия бөлүмүнүн жетекчиси Жолдош Үркүнбаев: Ооба, Сабира Каратаева Бакыянда жол кырсыгына учурап, райондук ооруканага жеткирилиптир. Ал жерден Таластагы травматология бөлүмүнө которулуп, Марат Умуралиев деген дарыгер дарылаган. Мен бөлүм башчысы катары аны карап тургам. Каратаева рентген тасмасы менен келген. Рентгенди биз жазбайбыз. Атайын рентгенолог деген врач болот. Мына ошол рентгенологдун жазуусунда эч кандай сынык жок деп берген. Ошол боюнча аны невропотолог, окулист көргөн.

Биз мээси чайкалганын дарыладык. Ал эми жанагы омурткалары болсо балдак менен баса берсе болот. Анан мен ал балдак менен басып калгандан кийин, калганын амбулатордук дарылануу аласың деп ооруканадан чыгаргам. Бул боюнча даттанууга мен тиешелүү жерге түшүнүк кат жазып бергем. Бул жерден да комиссиялар текшерген. Адистер бар да. Ошолор чечээр. Мени жөн жерден эле каралап жатат.

Бишкек шаарынын тургуну Жолдошбек Иманалиев: Мен ГУУРда өзгөчө иштер боюнча улук кызматкер болуп иштечүмүн. Бишкек шаардык прокуратурасы биздин үстүбүздөн кылмыш ишин козгоп, эч негизсиз камакка алып, УКМКнын СИЗОсуна жаап туруп, ал жерден эки апта кармап, же суракка алып чыкпай, жөн эле жаткырды. Дагы жакшы соттор бар экен Бишкек шаардык сотунан бизди үй камакка чыгарышты.

Менин айтайын дегеним, октябрдын этегинде мен оперативдик маалымат алам. Бишкектин Шевченко көчөсүнүн 130-үйүндө Тимошенко Федор деген киши жашачу экен. Үй ошого таандык экен. Анын атайын каттоодо турган «Винчестер», эки тапанча куралы болгон. Анан Капаров Бекназар деген унаасына тапанча салып жүрөт деп угуп калып ошол маалыматты текшергени, тактаганы 4-декабрда өнөктөшүм Акималы Турдалиев экөөбүз барып, Бекназар Капаровго жолугуп, мыйзамдын чегинде көчөдөн кишилерди алып, үйүнө кирип, курал сактаган жерин көрдүк. Анан баланы ГУУРга алып барып сүйлөшүп, "куралды кандай кылып сатып алдың эле, муну сатып алганда эмне болду эле?",-деп сураганбыз. Бир, бир жарым сааттан кийин ал баланы кайра койо бергенбиз.

27-декабрда ГУУРдун башчысы бизге айтып калды, "Бишкек шаардык прокуратурасынан силердин үстүңөрдөн арыз түшүптүр",-деп. Анан бизди 30-декабрда шаардык прокуратурага чакыра баштады. Биз барып көрсөтмө бердик. Капаров Бекназардын доо арызы боюнча бизди "эки үйүн, төрт машинесин тартып алдыңар. Үчүнчү киши аркылуу өзүңөргө ыйгарып алдыңар. Барганда жөн барбай эки баласын барымтага алдыңар",-деп айып коюп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодекси одоно бузулуп, бизди бир тараптуу айыптап жатат. Башкы прокуратуранын үчүнчү класстагы тергөөчүсү Улугбек Калыков деген жигит.

Мен убагында ноябрь митингинде милициялардын ичинен биринчи жолу Бакиевдин бийлигине каршы болуп, элге кошулгам. Жумушсуз калгам. Ф.Куловдун "Элдик фронту" уюштурган апрель митингинде да элдин катарында болуп, коопсуздукту камсыз кылууда элдик кошуун менен бирге жүргөм.

7-апрелде да алдыңкы катарда болуп, накта элдик бийлик келди деп, кайра кызматка алынгам. Бизге доо арыз жазган Кадыров Бекназардын артында мурда ички иштер кызматында иштегендер, Ак үйдө иштеген жакын туугандары турат.

Жолдошбек Иманалиев алардын үстүнөн доо арызын жазган Бекназар Капаровдун куралын текшерүү иши барып келип, анын өткөн жылы 7-апрелде Максим Бакиевдин үйүн тоноого тиешеси бардыгы шектелип, Максимдин үйүнөн 600 миң долларга чукул каражат алып чыккан деген маалыматтын учугу кылтыйып чыкканын билдирди.

Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Улугбек Калыков: Бекназар Капаров доо арызды президент Роза Исаковнага, вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров, Башкы прокурор Кубатбек Байболовго анан Жогорку Кеңештин беш фракциясынын жетекчилерине жолдогон экен. Ошонун негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы кылмыш издөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жасалгандыгы эске алынып, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө башкармалыгына берилген. Бул кылмыш иш мага тергөө аракетин жүргүзүү үчүн тапшырылган. Анан жетекчиликтин токтому менен бул кылмыш боюнча тергөө тобу түзүлгөн.

Тергөө аракеттеринин натыйжасында Капаров Бекназарга тийиштүү 216 миң долларлык мүлктөр аныкталган. Биз тараптан айыпталуучуларга эч кандай кысым болгон жок. Бардыгы мыйзамдын чегинде жүргүзүлдү. Бул иш сотко ашырылат. Соттун чечими чыкканга чейин муну биз айып катары угуздук. Бул маселеге сот гана чекит кое алат.
XS
SM
MD
LG