Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Төрткүлдөн суу сатылды дешет


Баткендеги Төрткүл суу сактагычынан жайкысын Тажикстанга мыйзамсыз суу сатылган деп жергиликтүү адистер арызданышууда.

Алардын жүйөсүндө, борбордогу суу чарба департаментинин жетекчилери Тажикстанга 6 миллион кубдан ашык сууну сатып жиберген. Суу чарба департаментинин жетекчилиги мындай дооматты төгүнгө чыгарып, Тажикстанга атайын келишимге ылайык суу берилгенин айтып жатышат.

Баткендеги Төрткүл суу сактагычынан Тажикстанга мыйзамсыз суу сатылганын облустун суу чарба башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакир Имаров айтып чыкты. Ал суу сактагычтан суу сатууга каршы болгон үчүн кызматтан алындым дейт:

- Ушул жылдын 6-майында мага Бишкектен суу чарба департаментинин жетекчисинин орун басары Чыңгызбек Узакбаев телефон чалды. Ал “Тажикстанга 6, 5 миллион куб суу бериңиз, эки өлкөнүн айыл чарба министрлери сүйлөштү, азыр сууну ачыңыз”, - деди. Мен келишимде көрсөтүлгөн көлөмдөгү суу берилгенин, кошумча суу берилбей турганын айттым. Эртеси Акылбек Сулайманов деген суу чарба департаментинин кызматкери Баткенге учуп келип, “жетекчини эмнеге укпайсыз, суу бериңиз”, - деп кысым жасай баштады. Мен бербей койдум. Андан үч күн өтпөй борбордон дагы эки кызматкер келип, буйрукка баш ийбегениңиз үчүн деп мени жумуштан ала турганын айтты. “Эгер суу берсем эмне болот”, - десем, анда иштей бере турганымды айтты. Ошентип жумуштан алышты.

Имаров кызматтан кеткенден кийин суу сактагычтан 6,5 миллион куб суу Тажикстанга мыйзамсыз сатылганын айтып жатат. Ал эми суу сатылган соң Төрткүлдөн суу алган 800 гектардай айдоо аянтында суунун тартыштыгы сезилген:

- Төрткүлдөн суу сатылды. Анын канчага сатылганы тууралуу менде маалымат жок. Сууну бекер эле беришпейт.

Анткен менен Айыл чарба министрлигинин алдындагы суу чарба департаментинен Имаровдун дооматын төгүнгө чыгарышууда. Департамент жетекчиси Көкүмбек Таштаналиевдин билдиришинче, Тажикстанга эки өлкө ортосундагы атайын келишимге ылайык, май айында 10 миллион кубдан ашык суу берилип, кийин кайра толукталган:

- Негизинен Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда Исфайрам-Сай деген дарыя бар. Андагы суунун 37 пайызын биз, 63үн тажиктер колдонот. Мына ошол суу Төрткүл суу сактагычына топтолот. Май айында Тажикстан "бизде сугат мезгили баштала элек, суу бере тургула" деп атайын кат менен кайрылган. Ошол суу берилип, кийин июнда кайра толукталган. Бардык келишим, документтер бар.

Таштаналиевдин айтымында, мындай Тажикстан менен суунун алыш-бериши 1989-жылдан бери болуп келген. Жыл сайын эки өлкө тургундары ортосунда суу чыры чыкпашы үчүн сугат маалында кайрылышып, кайра кийин толуктап келишкен. Ал эми Бакир Имаровдун бошотулушунун себебин суу чарба департаментинин жетекчиси төмөнкүчө түшүндүрүүдө:

- Имаров бул система жөнүндө такыр эле маалыматы жок, өзүнүн кесиби музыка мугалими экен. Анан Апрел ыңкылабынан соң кызматка дайындалып калыптыр. Кийин адистиги төп келбей, ишти жөндөй албаганы үчүн кызматтан өз арызы менен эле кеткен. Эмне үчүн мындай нерсени айтып жатканын түшүнбөй турабыз.

Ошол эле кезде адистер Кыргызстандагы суу сактагычтардан суу сатуу көрүнүштөрү боло келгенин жашырышпайт. Айрымдар 2008-жылдагы энергетикалык кризисти да Токтогул суу сактагычындагы суунун коңшу өлкөлөргө жең ичинен сатылып кетишине байланыштырат.

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов Төрткүлдөгү суунун сатылышы тууралуу аңыз кепти дыкаат текшерүү зарыл деген ойдо:

- Бизде эми суу сатуу чоң бир коррупциялык схемага айланган. Себеби сатылган суу кеткен соң анын далилдөө кыйын. Ошондуктан бул тармактагы чиновниктер суу сатып келгени мурдатан эле айтылып жүрөт. Бирок Төрткүлдөгү окуя боюнча маалыматыбыз жок экен, муну текшеришибиз керек.

Ал аралыкта Имаров Төрткүлдөгү суу сатуу боюнча тартип коргоо органдарына да кайрылганын кабарлады. Биз бул окуянын өнүгүшүнө көз салып турмакчыбыз.
XS
SM
MD
LG