Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Кыш ызгаары кайта элек


Кыргызстандын айрым тоолуу аймактарында өткөн жумада суук 50 градуска чейин жеткени айтылууда.
Кыргызстандын айрым тоолуу аймактарында өткөн жумада суук 50 градуска чейин жеткени айтылууда.

Өткөн аптанын соңу Кыргызстанда өтө суук болду. Бир аз жумшарган аба ырайы кайра сууктай турганы айтылууда.

Кыргызстанда акыркы он жылда мынчалык ызгаар болгон эмес дешет адистер. Айрым жерлерде сууктан мектептер убактылуу жабылды.


Суусамырда суук элүү градуска жетти


Бишкектин тургуну Сатыбалды Молдалиев жер тамда жашайт. Үйү меш менен жылыйт. Бүгүн ал бир тонна көмүр сатып алды:

- Көмүрдү үйгө ташып киргизип жатам. Быйыл 3 тонна алгам, жетпей калды. Дагы алдым. Быйыл кыш аябай эле оор болду го. Бүгүн кичине жылып калды. Дагы суук болот деп жатат. Ким билет, Кудайдын күнү кандай болот?

Аба ырайына байкоо жүргүзгөн адистердин билдиришинче, кечээ-бүгүн жылый баштаганы менен, өткөн бейшембиден бери күндүн суугу өзгөчө катуу болду. Суусамырда мисалы, соңку он жылдан бери мынча суук болгон эмес дешет. Нарындын айрым райондорунда сууктан мектептер убактылуу жабылды.

- Ооба, суук аябай эле күчүндө. Сууктан көчөгө киши эмес ит чыкпай калды деп айтып жатышат. Бирок бүгүн кичине жылып калыптыр, - дейт Нарын шаарынын тургуну Нурзат Эсенканова.

Суусамыр өрөөнүндө жашаган Айзада Калканбаева да мектептер жабылганын, суук быйыл өзгөчө болгонун айтат:

- Кардын калыңдыгы адамдарды кыйнап жиберди. Аябай оор болуп жатат. Массалык маалымат каражаттарынан Нарында суук экен деп угуп жатабыз. Бизде алардан да ашып, ачыгыраак жерлерде 50-52 градуска чейин суук болуп жатат. Баарына чыдап, жаз келсе баары жакшы болот деген ишеничтебиз.


Кабат үйлөрдү кантип жылытабыз?


Элет калкы кышкысын үйлөрүн меш жагып жылыткандыктан, отун-суусу даяр болсо эч кимге деле күнү түшпөйт. Борбордук жылуулук системасынан көз каранды шаардыктарга бир топ кыйыныраак. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынын башкы директору Мирбек Батаканов айрым көп кабаттуу үйлөрдүн ичи салкын болуп жатканын техникалык мүмкүнчүлүк чектелүү экени менен түшүндүрдү:

Шаардын системасы -19 градуска эсептелген. Азыр канча жаксаң деле салкын болот. Кичине чыдамкайлык керек. Мен кепилдик бере албайм, авария болбойт деп. Себеби түтүктөрдүн 60% эскирген. Албетте, азыр абдан татаал мезгил. Бирок мен Кудайдан суранганым – чоң түтүктөрүбүз жарылбаса экен.

Суук 25 градустан ашып жатканда 19 градуска эсептелген жылуулук, албетте, жетишсиз. Айрыкча жаш балалууларга кыйын болгондуктан, электр жылыткычтарын кошумча пайдалангандар көп. Күч келгенде чыдабай, чубалгылар күйүп кетип, жарык өчүүдө. Көмүрдүн баасы кымбат. Анын сапаттуусун табыш да оңой эмес. Ошондуктан жер тамда жашаган көпчүлүк бишкектиктер жана шаар четиндегилер суук түшкөн сайын жарык өчүп калбаса экен деп, заарканып отуруп кыштан чыгышат.

Бирок энергетиктер 2-3 жыл чыдай турсаңар шаардагы электр жабдыктары, чубалгылар алмаштырылат, электр өчпөйт деп жатышат. Алмаштыруу иштери быйыл жазында башталат.

Суук катуулаганда ышка ууланып, күйүк алгандар көбөйөөрүн дарыгерлер айтышууда. Барар жери жок, көчөдө калгандар тоңуп, буту-колунан айрылгандары да бар. Кызыгы, жыгылып травма алгандар мындайда азайа түшөт экен:

- Катуу суукта бизге оорулуулар аз келет. Себеби үйдөн көп чыгышпайт, травма көп алышпайт, - дейт Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Талант Сарымсаков.

Синоптиктердин айтымында, 25-январга чейин катуу суук болбойт. Өзгөрүү 26сынан кийин башталат. Кыргызгидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаевди угалы:

- 23үнөн күн жылыйт дедик эле. Биздин айтканыбыз туура келди. Суук коё берди. Эртең да кудум ушундай жылуулук болот. Ал эми 26сынан баштап өзгөрүү күтүп жатабыз. Тоолуу аймактарда кар башталат. 27, 28инде кайра аба ырайы ылдыйлайт.

Бирок өткөн аптанын соңундагыдай суук эми болбойт дейт Зарылбек Итибаев:

- Андан катуу болбойт. Ал фронт кетти. Түндүк фронт болчу. Эми түндүк-батыш фронтун күтүп жатабыз. Бир аз жумшагыраак болот. Февралда андай катуу суук күтпөйбүз. Бирок көп кар аралаш жаан-чачынды күтүп жатабыз.


Тоң жер менен алышкан энергетиктер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

XS
SM
MD
LG