Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:36

Кышында четте эс алган кыргызстандыктар арбыды


Кышкы эс алуу маалында капчыктуу кыргызстандыктардын көбү Бириккен Араб Эмираттарына сапар алышат.

Бул тууралуу калкты тейлөө багытында иш алып барган “Кыргыз концепттин” башкаруучу директору Данияр Аманалиев “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Ал негизинен кимдер чет өлкөгө барып, канча акча сарпташарын ачыктап өттү.

- Адатта батыш өлкөлөрүндө кышкы эс алуу учурунда жылуу өлкөлөргө сапар алуу кеңири жайылган. Кыргызстанда жаңы жыл күндөрү чет өлкөгө эс алууга баргандар барбы?

- Өнүккөн батыш өлкөлөрүнүн жарандары бош убактарында дээрлик үйлөрүндө отурушпайт. Алар көп учурда кафелерде, коомдук жайларда, чет өлкөлөрдө достору менен убакыт өткөрүшөт.

Данияр Аманалиев
Данияр Аманалиев
Каникул маалын балдары менен чет өлкөдө өткөзгүсү келген кыргызстандыктардын саны да соңку мезгилде өсүп жатат. Бул Кыргызстандын өнүгүп жатканынын белгиси деп ойлойм. Бул жылы 20 пайызга өскөнү байкалып жатат.

- Кышкы эс алуу маалында кыргызстандыктар негизинен кайсы өлкөлөргө барышат?

- Кышкы каникулдар жөнүндө айта кетсек, кыргызстандыктар көбүнесе жылуу өлкөлөргө барууну каалашат. Сиздер билгендей, тропикалык өлкөлөрдө ошол эле январь, февраль айларында абанын температурасы 27 градустан ылдый түшпөйт. Мындай өлкөлөр адамдардын кызыгуусун арттырат. Кыргызстандыктар үчүн кышында эң популярдуу багыт - бул Бириккен Араб Эмираттары болду.

Бир нече жылдар мурун БАЭ менен катар Египетке баргандар да көп болчу. Бирок ал жакта түзүлгөн кырдаалдарга байланыштуу көп кардарлар Египетке баруудан коркуп жатышат. Таиланд дагы популярдуу багыттардын бири болуп эсептелип келет. Бирок Таиландда болгон суу ташкыны дагы кардарлардын санына таасир этти.

Кээ бир кыргызстандыктар кышкы каникулда Европага барууну каалашат. Өзгөчө “Рождествону” көрүүнү самашат. Бирок визаны алууда кээ бир кыйынчылыктар, тоскоолдуктар жаралып калат. Чынында эле кышында кыргызстандыктар бала-чакалары менен чет өлкөгө көбүрөөк чыга баштаганын байкап жатабыз.

- Эс алуу үчүн чет жерге чыккан адамдар тууралуу кеп салсаңыз. Алар кимдер, кайсы катмардын өкүлдөрү?

- Ооба. Акыркы мезгилде Кыргызстанда чет өлкөгө барып эс алгандардын көбөйүшү көбүнчө орто катмардын өкүлдөрү тарабынан камсыздалууда. Туризм бул жөн эле акча коротуу эмес экенин түшүнгөн адамдардын саны күндөн күнгө өсүп жатат.

Бир жакшынакай сөз бар го, өмүр дем алуу саны менен өлчөнбөйт деген. Дем ала албай калган учурлар менен өлчөнөт. Экинчиден, өнүккөн өлкөгө барып келүү жөн гана жыргап эс алуу эмес, өзүбүздүн билимибизге, өзүбүздүн дүйнө тануубузга инвестиция кылуу болуп саналат.

- Бул жылы эс алууга кеткендердин арасында белгилүү адамдар, саясатчылар барбы?

- Чынында эле чет өлкөгө чыккандардын ичинде Кыргызстандын белгилүү исандары жана саясатчылары аз эмес жана бул менин мурунку айткан тезисимди далилдейт.

Чет өлкөгө баргандардын көбү ийгиликтүү адамдар. Алар балдарын чет өлкөгө алып барып, биз кичинекей кезибизде көрө албаган жерлерди көргөзүү менен өз балдарына инвестиция кылып жатканы мени абдан кубандырат.

- Ошондо чет өлкөгө кышкы эс алууга барып келүү үчүн бир кыргызстандык минималдуу түрдө канча сом коротот?

Дубай
Дубай
- Адатта, саякатка барган кыргызстандыктар туристтик пакеттерди сатып алууну каалашат. Пакеттин ичине чартердик рейс, мейманкана жана тамак-аш кирет. Мындай пакеттер Кыргызстанда бир кишиге 30 000 сомдон жогору турат. Мындан жогору көбүнесе кыргызстандыктар сатып ала албаган 300 000 сомдук пакеттер да бар.

- Демек, кышкы эс алуу учурунда чет өлкөгө сапар алган кыргыз жарандары аз эмес экен. Ошол эле учурда жаңы жылды Кыргызстанда өткөрүүнү каалаган чет өлкөлүктөр барбы?

- Ооба, мындай чет өлкөлүктөр көп эле. Алар көбүнчө лыжа базаларына кызыгышат. Бирок алар алыстан келген адамдар эмес, коңшу өлкөлөрдөн келишет. Эгер Америка, Жапония, Германия, Англиядан келген туристтер жөнүндө кеп кылсак, алардын көбү бизге жазында жана күзүндө келишип, Улуу Жибек Жолуна барышат.

Сөзүмдүн акырында, кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктап кетким келет. Мен ар бир кичинекей бала Диснейлендге барып келишин жана ар бир кыргыз англис тилинде орус тилинен кем эмес сүйлөшүн жана бийиктиктерди багындырышын каалайм.

XS
SM
MD
LG