Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Өтүкчөнгө салам айт, тончонго өзүм барам


Бишкек-Ош жолу 22-ноябрдын кечинен тарта бир суткага жабылды.
Бишкек-Ош жолу 22-ноябрдын кечинен тарта бир суткага жабылды.

Кыргыз өкмөтү кышкы-жазгы ар кандай чукул кырдаалдарга даяр экенин билдирүүдө. Бирок капыстан келген кыш өлкө аймактарында көптөгөн көйгөйлөрдү жаратууда.

Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну Токтомуш Мырзабаев Алайкуу-Кара-Кулжа жолуна түшкөн көчкү тазаланбай, жүдөп жатышканын "Азаттыкка" айтып берди:

- Жолду карабай жатышат. ДЭУну болсо Мырза-Аке менен Кара-Кулжага коюп койгон. Аны капчыгайдын орто тушуна коюп, өйдө -ылдый жакты түртүп иштеп турса жакшы болмок. Болбосо, жолго көчкү түшүп калган учурда гана эмне кылаарын билбей калып жатышат. Жолдун мындай өйдө жагына күйүүчү майды, тракторлорду коюп саксактап турса жакшы болмок. Булар аны кылбай жатышпайбы...

Мындай окуялар быйыл капыстан келген кыштан кыйналган аймактарда арбын кездешүүдө. Ал ортодо Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев өлкөнүн бардык дубандары ар кандай чукул кырдаалдарга даяр деп билдирди:

- Жарандык коргонуу тармагынын, министрлер, губернаторлор өздөрүнө тиешелүү болгон тармактар боюнча кышка даярдыгы боюнча отчет беришти. Бүгүнкү күндө баарыбыз биригип, алдын-ала мониторинг жасоо, ошолорду болтурбай коюу, болуп калса кесепеттерин тез арада жоюуну колго алсак ганат эффективдүү жумуш алып бара алабыз.

Азыркы кырдаалда өлкөдө көчкү түшүү коркунучу тооруган 12 тилке бар.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркин Исаковдун маалыматы боюнча, өлкөдөгү жолдорду тазалоого унаалар жана шаймандар керектүү деңгээлде даярдалды.

- Автожолдорду кышкыга даярдоого төмөнкүдөй техникалык унааларыбыз бар: 98 автосамосвал, 101 грейдер, 31 эксковатор. 52 жүктөөчү автоунаа, 58 бульдозер жана 59 трактор азыркы учурда оң абалда. Мындай жол менен бүгүнкү күндө жалпысынан 399 кар тазалоочу унаа даярдалды.

Ошол эле учурда эл аралык мааниси бар Бишкек-Ош жана Бишкек-Торугарт жолдорун кардан тазалоодо кыйынчылыктар кездешүүдө. Нарын облус губернатору Канатбек Муратбеков маселен Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда жолго кум, туз себүүчү машина болбогондуктан жолчулар кумду кочуштап сээп жатканын белгиледи:

- Бишкек-Нарын-Торугарт жолу эл аралык жол болгондуктан Кытайдан жүк ташуучу унаалар келет. Бул жерде көптөгөн кыйынчылыктар болууда. Маселен, ушул жолдо кум ташуучу техника жок, өзүбүздүн адамдарыбыз кум чачып жүрүшөт. Эгер техника жетиштүү болуп, өз убагында кум чачылып турса, көп нерсенин алдын алып, жоюуга болот эле.

Ушундай эле көйгөй Бишкек-Ош жолунда болуп жатканы маалымдалды. Быйыл Кыргызстанга кыш эрте келди. Кар көчкүдөн бир адам набыт болду. Көчкү адатта ала жазда катталчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2011-жылдын 10 айында Кыргызстанда 191 чукул кырдаал катталып, анын кесепетинен 58 адам ажал таап, мамлекетке 940 миллион сомго жакын чыгаша келтирилген. Бул сандар былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

Бул арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-ноябрда кечки саат жетиден тарта Бишкек-Ош жолу бир суткага жабылганын кабарлады. Ага Төө-Ашууга бир метрдей кар жаап, кар көчкү коркунучу күчөшү себеп болгон. Жолдун бир тарабы Чүйдүн Сосновка айылынан, экинчи тарабы Жалал-Абаддын Токтогул районунан жабылып, бул ортолукта унаа кыймылы токтотулду.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG