Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Погончон айымдар иште сүрдүү, үйдө назик


Ош. 1-ноябрь, 2013-жыл
Ош. 1-ноябрь, 2013-жыл

Күч түзүмүндө иштеген кыз-келиндер форма кийип, ийинде жылдыз жаркырап турса сүрдүү, тайманбас сезилет. Анткен менен алар үйдө өмүрлүк жолдошуна күйүмдүү жар, балдарына мээримдүү эне.

Биздин коомдо эркектер менен теңтайлашып аскердик милдетин өтөгөн айымдар аз эмес. "Азаттык+" бул берүүсүндө күч түзүмдөрүндө иштеген кыз-келиндердин жашоосуна кызыкты.

Алия үй оокатын бүтүрүп, жумушка кетүүгө кам урууда. Ал билими боюнча экономист, бий мектебин да аяктаган. Бирок ал эки кесипте тең иштеген эмес. Кичинесинде аскер кызматкери болууну кыялданчу экен. Үч жыл мурда ата-энеси, жакындары каршы болгонуна карабай аскер бөлүгүнө жумушка кирген. Баса, ал аскер кызматкерине турмушка чыккан.

Погончон айымдар (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:47 0:00

Алияга окшоп, аскер бөлүктө 30дан ашуун аял кызмат өтөйт. Алар бул жерде психолог, финансист, медайым, кадр бөлүмүндө иштегени менен күндө машыгуудан өтүп турушат. “Скорпион” өлкөдөгү аялдарды чыныгы согуштук ыкмаларга машыктыруучу жалгыз аскер бөлүгү. Алар бул жерден автомат атуу, бычакты таамай саюу, туткунду бошотуу өңдүү бардык ыкмаларды өздөштүрөт.

Погончон айымдар (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:24 0:00

Перизаттын Петровка айылындагы №8 түзөтүү мекемесинде күзөттөгү кызматкер болуп иштегенине эки жылга аяк басты. Каарманыбыздын кызматы - өз карамагындагы аймакты көзөмөлгө алуу. Перизат аскер адамынын үй-бүлөсүндө тарбияланып, бул тармак боюнча жакындан тааныш.

Погончон айымдар (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:52 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG