Ички иштер министрлиги аялдар көбүнесе уурулук, бейбаштык жана көз бойомочулук беренелери боюнча кармалышат. Оор кылмыштарга аралашкан да аялдар бар.
“Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, серепчи жана юрист Жыргалбек Турдукожоев.
“Азаттык”: Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2012-жылы 2011-жылга салыштырмалуу аялдар жасаган кылмыштар 2 043кө көп катталган. Ошол эле учурда эркектер жасаган кылмыштар 3 пайызга азайган. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун айтымында, аялдар жасабаган кылмыш деле жок экен. Аялдардын кылмышка баруусунун негизги себептери эмнеде?
Бүбүсара Рыскулова: Бул маселени бир жактуу айтуу өтө кыйын. Бүгүнкү болуп аткан ар бир нерсе адамдын аң-сезиминен, жүрөгүнөн өтөт экен. Кылмыш деген кылмыш, аны актабайбыз. Бирок азыр базарларды карасаңыз көбүнчө аялдар отурат, күн сайын эртеден кечке иштешет.
Азыр аялдардын аң-сезими, психологиясы өзгөрүп баратат. Аялдар назик болчу деп жатасыз. Азыркы аялдардын мүнөзү 20-25 жыл мурдагыга караганда кескин өзгөрдү. Мисалы, базарда эмне деген гана сөздү укпайт, бири-бири менен уят сөздөрдү айтышып урушуп, тебишип, кайра үйгө келсе балдары, жетпеген оокат, өздөрү батирде жашаса ошондой жагдайлардын баары себеп болууда.
Согуш мезгилинде, кыйын учурда да аялдар мынчалык кылмыш жасаган эмес деген да туура эмес. Ал учурда "Мекенди коргойбуз, жолдошум Мекенди коргогону кетти, биз утабыз" дегендей максат бар болчу. Азыр ишеним жок, турмушта чириген байлар менен кедейлер ортосунда чоң ажырым пайда болду. Ошонун ортосунда айрымдар өзүнүн ордун таппай калып, кылмыштарга барып жатат.
Жыргалбек Турдукожоев: Бул социалдык да, экономикалык да, саясий-моралдык, психологиялык да көрүнүш болуп эсептелет. Негизи аялдардын кылмыштуулугун жалпы кылмыштардан бөлүп караган бир жактуулук болуп эсептелет. Бул да жалпы коомдун бир бөлүгү. Кылмыштуулукта аял-эркек, улуу-кичүү деген көрүнүштөр боло берет.
Экинчиден, бир коомдон экинчи коомго, социалисттик системадан капиталисттик системага өткөн мезгилинде Кыргызстандын коомунда оорчулук көп болду. Турмуш кыйын болуп кетти. Ошол учурда аялдар эркек аткарбаган жумушту мойнуна алып, чоң экономикалык турмушка киришти.
Чиновниктер кылмышка, коррупцияга белчесинен батып кетти. Мунун баары калкты моралдык жактан, анын ичинен аялдарды бузганга алып келди. Мамлекет болсо тарбиялык иштерди өткөргөнгө аракет кылган жок.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: