Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Өтүкчү Патила


Патила Урматова иш үстүндө.
Патила Урматова иш үстүндө.

Ош шаарында эркек өтүкчүлөр менен катар отуруп, бут кийим тигип жана оңдоп , тирилик кылган айым бар. Кышын-жайын ачык асман астында эскирген өтүк-батинкелерди жаңылап отурган Патила Урматова 15 жылдан бери топтогон акчасына үй алуу аракетинде.

55 жаштагы Патила Урматова мына 15 жылдан бери Оштун борбордук базарынын оозунда өтүк ултарып, жамап отурганы отурган. Бул кесипти тандашына оор турмуш себепчи болгон. Совет доорунда айдоочу жолдошунун тапканы менен күн өткөргөн Патила 90-жылдардан кийин акча табуу кыйынга туруп, арга жоктон өтүкчүлүк кесипти өздөштүргөн экен:

- Совет мезгили кулагандан кийин акча табуу кыйын болуп калбадыбы. Иш жок. Кыйналганыбыздан улам абышкам экөөбүз ушул ишти баштаганбыз.

Эркек өтүкчүлөр менен жарыша иштеген айымдан кардар үзүлбөйт. Ошондуктан каш карайганга чейин колу бошобойт. Талант аттуу жигит анын дайымкы кардары. Атайын Кара-Суудан ат арытып келип, эжеге бут кийимдерин жаматып же тиктирип кетет.

- Мен билгенден ушул эжени иштеп жатканына 10 жылдан ашты. Биз кичине кезибизде ата-энем ушул эжеге келип, батинкелерибизди тиктирип берчү. Азыркыга чейин кардар болуп калгам. Сапаттуу тигет, убагында бүтүрөт, - дейт Талант.

Патила Урматова 40 жашына чейин колуна шибеге кармаган эмес. Айласыздан ушул иштин башын кармаган айым алгачкы кездеги кыйынчылыктар жөнүндө айтып отурду:

- Батинке тигүүнү күйөөмдөн жаңы үйрөнгөн маалымда колума шибеге сайылып, кан агып аябай кыйналгам. Ыйлап, эми бул ишти кылбайм деп жолдошума айтсам, ал макул, кылбай эле кой деген… Бирок тирилик өткөрүш керек да… Эртеси эле унутуп, кайра жумушка чыгып кеткем…

Өтүкчү айымдын эки баласы бар. Жолдошу каза болуп калгандан соң, түйшүгү ого бетер көбөйүп, эки эсе иштегенге туура келиптир. Балдары көп учурда “өтүк тикпеңиз”,- деп нааразы болушчу экен. Бирок Патила Урматова перзенттеринин каршылыгына карабай, ишин уланта берген. Антпегенде кантет? Же башка бир кесипке ээ болбосо. «Азыр балдарым чоңойуп калды, жумушумду туура эле кабыл алышат»,- деген Патила эже жумушунун айрым оош-кыйыштарын айтып отурду:

- Кээ бирлер бар, тигиле турган батинкени алып келет да, мык кагып бериң дейт. Айрымдары мык кага турган бут кийимди, тигип бериң деп кыйнашат. Кардар ар кыл болот да, кээ бирлери ынжык. Айрымдары рахмат айтат. “Аял киши болсоңуз да, эркектин ишин жасап отурасыз”,- деп рахмат айтып кетишет.

Патила Урматованын өтүкчүлүк кылуу үчүн атайын баш калкасы жок. Кышын-жайын ачык асман астында иш кылат. Күн ысыгында же жаан-чачын болгондо үстүн чоң кол чатыр менен калкалап алат экен. Күнүгө 700 сомдун тегерегинде киреше табат. Тапканын 15 жылдан бери мыскалдап жыйнап отуруп, бир үйгө жетейин деп калыптыр. Жакында уулуна үй алып берем деп турган чагы.

XS
SM
MD
LG