Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

“Алпештейм” деп алдап отургузган


(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ - Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн).

"Сезим" кризистик борборунун юристи Тамара айтып берди.

Жакында Элиза аттуу келин бизге кайрылды. Өзү жапжаш, колунда болсо 5 айлык наристеси бар. Бишкек гуманитардык университетинде 3-курста окуп жүргөн кезинде аны бейтааныш эле милиционер достору менен күчтөп ала качып кеткен. Мурда-кийин көрбөгөн кыз отурбайм деп чырылдаса, аягына жыгылып ”сүйөм, күйөм, өмүр бою алпештеп багам” деп жалынып жалбарса, айласы жоктон отуруп калбайбы.

Ошентип, күндөр өтө баягы алпештейм деген күйөөсү өзгөрүп кетет. Бара-бара Элизага жөнү жок эле кол көтөрө баштайт. Бардык балээ кызы төрөлгөн соң башталат экен. “Убактысынан эрте төрөлдү, наристе башка бирөөнүкү”, - деп таптакыр эле аны да, кызын да жерип, ал аз келгенсип күн көрсөтпөй сабай берет. Такыр жашоо болбой калганда Элиза наристесин алып, биздин борбордун дарегин таап келген. Азыр биерде транзиттик үйдө жашап жатат, бирок бул жерде 6 айга чейин гана баш калкалай алат, андан кийин кетиш керек. Мыйзам ушундай.

Эми биз милиционер күйөөсүнүн дарегин таап, алиментке арыз бердирдик. Бирок жигит 5-6 айдын алиментин төлөгөнчө наристени алып кетем деген маселени коё баштады. Элизанын жашай турган жери жок, ошон үчүн баланы мага бериш керек дейт. Биз болсо Элизаны азыр бир кесипти үйрөнүп алсын деп тигүүчүлүккө окутуп жатабыз. БГУдагы окуусу чала бойдон калды. Канча чайналса да, намыскөй келин келечегине ишеним менен карап, бизге келгенден бери мүнөзү өзгөрүп калды. Биерден кеткенче тигүүчүлүктү үйрөнүп, жумуш таап алса, баласын багып кетет деп ойлойбуз.

XS
SM
MD
LG