Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Мекендеш, изилдөөгө катышыңыз


Урматтуу мекендештер!

Сиздерди “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жана Миграция боюнча эл аралык уюму (МЭУ) тарабынан өнүгүү стратегиясына миграцияны киргизүү боюнча Глобалдуу бириккен программанын алкактарында жүргүзүлүп жаткан пикир-сурамжылоону толтурууга жана глобалдуу изилдөөгө катышууга чакырабыз.

Миграция Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү процесс болуп калды. Түпкүлүгү кыргызстандык көптөгөн адамдар, ошондой эле чет өлкөдө жашаган Сиздер сыяктуу адамдар баалуу көндүмдөрдү жана билимдерди топтошту, алар Кыргызстанды күчтөндүрүүнү жана гүлдөп өсүшүн эңсешет жана жардам бере алышат. Ушул пикир-сурамжылоонун респонденттери тарабынан берилген маалыматтар чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын диаспоралык уюмдардын дараметин аныктоо көз карашынан алганда биз үчүн өзгөчө маанилүү, алар Кыргызстанды социалдык, маданий жана экономикалык жактан өнүктүрүүдө диаспоралар сыяктуу эле активдүү мекендештер тарабынан колдонулушу мүмкүн. Эгерде Сиз биздин долбоор жөнүндө көптү билүүнү жана Кыргызстандагы тематикалык окуялардын кабардар болууну каалаган учурда гана Сиздер менен мындан ары түздөн-түз байланышта болуу үчүн биз изилдөөнүн акырында Сиздердин байланыш маалыматтарыңызды берүүнү өтүнөбүз.

Бул изилдөөнүн алкагында чогултулуучу маалыматтар маалыматтарды коргоонун эл аралык стандарттарына ылайык иштелип чыгат.

Изилдөө “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жана Швейцария Өкмөтү тарабынан каржылануучу Миграция боюнча эл аралык уюму (МЭУ) тарабынан өнүгүү стратегиясына миграцияны киргизүү боюнча Глобалдуу бириккен программанын алкактарында жүргүзүлөт.

Анкета тууралуу маалымат менен бул жерден таанышсаңыз болот

XS
SM
MD
LG