Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Азербайжан дүйнөдөгү эң бийик имарат курат


Дүйнөлүк басма сөзгө сереп. (9-14-апрель)

Өткөн аптадагы эң эле көп талкууланган окуялар - Ирандын ядролук программасы боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр, анын дурус жыйынтыгы, Түндүк Кореянын максатына жетпей калган ракетасы, Сириядагы ич ара согушту токтотуу маселеси болду. Маанилүү аналитикалык макалалардын арасынан кошуна Кытайдын уламдан улам күчөп бараткан армиясы боюнча эл аралык эксперттердин ойлору да көңүл бурууга арзыйт.

Анда эмесе сөздү Иран маселесинен баштайлы. Бул мамлекет тынчтык максатта деген шылтоо менен чын-чынында ядролук курал үчүн бардык күчүн жумшап жатканы далайдан бери талаш туудуруп келаткан эл аралык оор маселе.

The New York Times гезити белгилегендей, бул аракет Иран үчүн абдан кымбатка түшкөн маселе болууда. Эл аралык санкциялардын айынан бул өлкө тышкы дүйнө менен каалагандай катнаша албай, айрыкча ашып-ташкан мунайын сатып ала турган кардар чыкпай, ал түгүл банктары сыртка акча которууга мүмкүнчүлүгү жок болуп, айтор, кыска мөөнөттүн ичинде бул мамлекет жүздөгөн миллиард доллар чыгымга учурады.

Албетте саясий амбиция деген өзүнчө маанилүү нерсе, бирок калайык-калкка баары бир ойдогудай оокат-тиричилик, бейкапар күндөлүк турмуш керек го. Кыскасы, Иран жетекчилерине көрсөтүлгөн ички жана тышкы кысым акыры өз жыйынтыгын берди окшойт, себеби өткөн аптада Стамбулда эл аралык сүйлөшүүлөр өтүп, анын жыйынтыгы боюнча дипломаттар бир ооздон жакшы пикирлерин билдиришти.

Европа шериктештигинин тышкы иштер боюнча комиссары Кетрин Эштон: “Биз бүгүн маселени чечүү боюнча жемиштүү иш-аракеттерге жол ачтык” деген оюн айтты. Кезектеги сүйлөшүүлөр Ирандын сунушу боюнча май айында, Багдад шаарында болоору белгиленди.

Ошол эле The New York Times, Лондондон чыккан The Economist журналы, The Sunday Times гезити өткөн жумада ишке ашпай калган Түндүк Кореянын ракета сыноосун ар тараптан анализге алды. Бул басылмалар көптөн бери даярдалып, бир миллиард долларга жакын акчага туруп, бирок асманга учуп чыккандан кийин жарым саат өтпөй деңизге кулап түшкөн Корея стратегиялык ракетасы тууралуу маалыматтарга кенен орун берди. “Бул экинчи жолку ишке ашпай калган сыноо, мурунку ракета 2009-жылы учурулуп, бирок 3800 километрден кийин ал да жерге кулап түшкөн” деп белгиледи The Sunday Times гезити.

Бир кезде Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши атайын резолюция кабыл алып, Түндүк Кореяга катуу эскертүүлөр берген, бир катар санкциялар кабыл алынган. Ошонун айынан Түндүк Кореяда каатчылык байкалып, элге азык-түлүк, тамак-аш жетпей, ар дайым эл аралык коомчулуктан гуманитардык жардам сураганга мажбур. Бирок бул мамлекеттин коммунисттик жетекчилиги, атап айтканда Ким Ир Сендин династиясы ага да карабай, дале болсо опурталдуу ядролук оюндардан баш тартпай келет. Ал эми бул жолку ракета болсо Ким Чон Ындын чоң атасы Ким Ир Сендин кезектеги мааракесине арналган эле.

Бирок мактаган ракета бир аз өтпөй Сары деңизге кулап түшүп, Түндүк Кореянын жаңы лидери кыйын акыбалда калды. “Бул Ким Чон Ынды эл аралык масштабда маскара кылган иш болду” дейт The Sunday Times гезити. Ал эми The New York Times гезити бул окуяны: “Бир миллиард долларга түшкөн осол иш” деп атады.

Кошуна Кытайдын улам өсүп бараткан куралдуу күчтөрү ар дайым эл аралык эксперттердин көңүл чордонунда экендиги айтпаса да түшүнүктүү нерсе го. Бул маанилүү маселеге The Economist журналы “Азуусу чыккан ажыдаар” деп аталган атайын макала арнап, аскерий иштерге бул мамлекет 2000-жылы 30 миллиард доллар сарптаса, 2010-жылы 120 миллиард доллар коротконун жазып чыкты. Ал эми аскерий илим-изилдөө иштерине кеткен каражаттарды кошуп эсептегенде жалпы бюджет быйылкы жылы 160 миллиард долларды түзөөрүн белгилейт The Economist журналы. Эгер ушул темп менен жүрүп отурса Кытай курал-дарак жагынан дүйнөдөгү эң алдуу-күчтүү деген АКШны 2030-жылы толугу менен басып өтөт, дейт ошол эле журнал.

Эми маданият дүйнөсүндөгү айрым кабарларга да көңүл бура кетели. Associated Рress агенттиги билдиргенине караганда, Азербайжан республикасы байлыгы ашып-ташыган Бириккен Араб Эмиратын туурап Каспийге жасалма арал курмай болуп жатыптыр. Ал аралга азербайжан туугандар бир миллионго жакын калк жашай турган район жасап, ал жерге курула турган дүйнөдөгү эң бийик имараттын долбоорун иштеп жатышыптыр. Ал имарат Эмираттагы Бурж-Халифа деген ушу таптагы эң бийик деген имараттан 27 пайызга бийигирээк болуп, тегерегине кол менен жасалган 41 арал курулат экен да, ал аралдар менен Баку шаары 150 көпүрө менен туташтырылганы жытыптыр. Айтор, долбоорду иштеп жаткандардын айтканына караганда, бул жер Каспийдин жээгинде курулган жаңы керемет, жаңы Венеция болот экен.

Акырында китеп сүйүүчүлөр үчүн кызыктуу бир жаңылыкты бөлүшө кетүү зарыл. Атактуу “Гарри Поттер” аттуу жомок китептин автору Жоан Роллингс күйөрмандарын жаңы жазылган роман менен сүйүнткөнү жатыптыр. Чыгарманын англисче аты The Casual Vacancy деп аталат экен да, негизинен балдарга эмес, чоңдорго арналган роман болот экен. Жалаң дүйнөгө таралган китептери менен бир миллиарддан ашык акча тапкан таланттуу англис жазуучусунун бул чыгармасы да бүт дүйнөдө “Гарри Поттер” сыяктуу эле чоң сенсация болооруна эч бир шектенүүгө болбойт. Бул кабарды окурмандарга Нью-Йорктон чыккан The Wall Street Journal гезити кабарлады.
XS
SM
MD
LG