Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:38

Султан Букеев Индонезияда Азия чемпиону болду


11-октябрда Индонезияда кыргыз суучулу Султан Букеев Азия чемпиону болду. Даңазалуу балбан А.Карелиндин байгесин кыргыз жигиттери утту.

Ушул тапта Индонезия өлкөсүндө сууда сүзүү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

Алгачкы күнү кулак сүйүнткөн кабар келди. Уландар арасында 200 метрге брасс ыкмасындагы суучулдар жарышында кыргызстандык Султан Букеев марага озуп келип, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Суучулдардын мөрөй талашуулары 14-октябрда жыйынтыкталат.

"Мында өлкө намысын 10 суучул коргоп жатат", -деди Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин спорт бөлүм башчысы Канатбек Арпачиев.

Карелиндин байгесине арналган мелдеш

6-октябрдан 10-октябрга чейин Орусиянын Новосибирск шаарында грек-рим күрөшүнөн олимпиаданын үч жолку, дүйнөнүн 9 жолку, Европанын 12 жолку чемпиону, даңазалуу балбан Александр Карелиндин байгесине арналган эл аралык мелдеш өттү. Уландар арасында өткөн бул турнирде Кыргызстандын намысын 4 жаш балбан коргоду.

Жеңил салмакта Нузупбек Касымов (42 кг) бардык атаандаштарын жеңип, Александр Карелиндин колунан алтын медаль тагынды. Ошондой эле 69 кило салмакта күрөшкөн Атабек Азисбеков да баш байгеге арзып, биринчи орунду ээледи.

"63 кг. салмакта Бекболсун Асаналиев коло байгелүү болду. Мелдеште 13 өлкөнүн үч жүздөн ашуун жаш балбаны күч сынашты", -деп билдирди “Азаттыкка” өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов.

20 миң доллар жана алтын медаль

Чеченстандын борбору Грозныйда эркин күрөш боюнча өлкө президенти Рамазан Кадыровдун кубогуна арналган эл аралык турнирде кыргызстандык Магомед Мусаев биринчи орунду ээледи.

Мусаев 96 кило салмакта бардык атаандаштарын артыкчылык менен утуп, алтын медаль тагынып, 20 миң доллар акчалай сыйлык алды.

Бул турнирге Кыргызстан, АКШ, Болгария, Түркия, Украина, Беларус, Азербайжан, Армения, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын бардык аймактарынан үч жүздөн ашуун тандалган балбандар катышты.

Тобокелге баш байлаган велоспортчулар

Чүй облусунун Тогуз-Булак айылында тоо-таштан велосипед менен жарыштын маунтинбайк түрүнөн өлкөнүн ачык чемпионаты өттү.

19 жаштан жогорку курактагылардын мелдешинде марага бишкектик Олег Тычин озуп келди. Экинчи орунду казакстандык Леонид Гутаров ээледи.

18 жашка чейинки уландардын жарышында бишкектик Илья Дробышев биринчи орунду камсыз кылды. Тобокелге баш байлаган велоспортчулар тоо тектиринде тик 1 миң 700 метр аралыктарда тоскоолдуктар аркылуу жарышты.

Бермет байге алабы?

Теннис боюнча Астанада өтүп жаткан эл аралык мелдеште кыргызстандык Бермет Дубанаева экинчи айлампада ойноо укугуна ээ болду.

Биринчи атаандашы франциялык Жули Тринганы Бермет эки оюнда тең артыкчылык менен утуп алды. Эми экинчи айлампада казакстандык жана орусиялык атаандаштары менен ойнойт. Жуп болуп ойноодо Берметтин өнөгү казакстандык Наталья Бережная болууда.

Жамийла Дүйшеева биринчи айлампада казакстандык Залина Хайрудиновадан жеңилүү ызасын тартып калды.

Натыйжа чыккан жок

Учурда Италиянын Катания шаарында фехтования боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулару өтүүдө. Өлкө намысын 4 кылыч чебери коргоп жатышат. Мында кыргызстандык Михаил Иванов 8 жолу таймашууга чыгып 72-орунга илинип, ийгилик жарата албады.

Александр Черных, Евгений Наумкин жана Сергей Качурин да байгелүү орундарга талапкер боло албады. Кыздардан да үч спортчу алдыңкы сапка кошулган жок.

Бул дүйнө чемпионатында байгелүү орунга жеткендерге 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомолор берилет.

Еревандагы эл аралык турнир

11-октябрда Армениянын борбору Ереван шаарында теннистен эл аралык мелдеш башталды. Мында 18 мамлекеттин элүүдөн ашуун спортчусу мөрөй талашууда. Кыргызстандын намысын Инна Волкович коргоп жатат.

Тагдыр чечкен таймаш

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, 11-октябрда Жогорку Лигада быйылкы жылдын күмүш жана коло байге ээлери анык болот.

Мындан бир апта мурда Бишкектин “Дордой” футбол клубу бул ирет жетинчи жолу чемпиондук наамга татыктуу экенин далилдеди. Ал чечүүчү беттешүүдө былтыркы чемпион, Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасын 2:0 эсебинде утуп алып, мөөнөтүнөн мурда биринчи орунду камсыз кылган.

11-октябрда экинчи жана үчүнчү орундар үчүн Канттын “Абдыш-Ата” командасы менен Кочкор-Атанын “Нефтчи” клубу мөрөй талашат.
XS
SM
MD
LG