Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Краковецкий - оор, бирок шамдагай балбан


Лондон олимпиадасына жолдомо алган спортчулардын бири – дзю-до күрөшүнөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, эл аралык спорт чебери Юрий Краковецкий.

Спорттун башка федерацияларына караганда олимпиадага жолдомо алууда дзюдочулардын бир артыкчылыгы же өзгөчөлүгү бар. Олимпиадалык оюндарга катышууга далалат кылган спортчу эки жыл бою эл аралык турнирлерде, дүйнө, Азия чемпионаттарында жана дүйнө кубогунун мелдештеринде жүздөн ашуун упай топтошу зарыл.

Ошондуктан кыргызстандык дзю-до чебери ё эки жылдан бери эл аралык мелдештерге, Дүйнө кубогунун этаптык таймаштарына катышып, Лондон олимпиадасына жолдомо алуу үчүн 214 упай топтоп, мыкты балбандардын сабына кошулган. Юрий Краковецкийге топтогон упайларынын негизинде эле Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарылды.

Ошондой болсо да Юрий Краковецкий жайында Чехиянын борбору Прагада өткөн Европа кубогунда 10 мыктынын бири болуп, олимпиадалык жолдомону дагы бекемдеп койду.

Дзю-до федерациясынын вице-президенти Эмил Рыскуловдун пикиринде, Юрий Краковецкий Париждеги эл аралык дзю-до борборунда бир жыл машыгуусу натыйжа берип, Лондон олимпиадасына жолун ачты. Юрий аракетчил, өжөр балбан.

Юрий Краковецкий былтыр Прага жана Бухарест шаарларында өткөн дүйнө кубогунун таймашууларында бешинчи жана жетинчи орундарды ээледи.

Дзю-до федерациясынын аткаруучу директору Эркин Кадыракуновдун айтымында, жаш болсо да Юрий Краковецкий Лондон олимпиадасында байгелүү орунга аракет кылат. Себеби ал салмагы оор болгону менен өтө шамдагай.

Гимнаст болом деп, дзюдочу болгон

Бишкек шаарынын тургуну, эл аралык спорт чебери Юрий Краковецкий 19 жашта. Бишкекте төрөлгөн, улуту орус. Жеткинчек кезинде спорттук гимнастика менен машыккан.

Бала кезинде гимнаст болууну эңсеп, олимпиада чемпиону болсом деп тилек кылчу. Бирок жылдан жылга салмагы өсүп, спорттук гимнастика менен коштошууга туура келди. Ата-энеси Юраны дзю-до күрөшү менен машыгууга кеңеш берип, 9 жашынан дзю-до күрөшү менен машыгып келет. 2011-жылы эл аралык спорт чебери деген наамга арзыган.

Учурда Юрий Краковецкий Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин экинчи курсун бүттү.

- Мурда күндүзгү бөлүмдө окусам, спорт менен машыгууга убактымдын көбү жумшалып, аргасыздан сырттан окуу бөлүмүнө которулдум. Ден соолугум, күч-кубатым барда өлкө намысын коргоп, спорт менен машыга берем.

Мындан сырткары кыргыз тилин үйрөнүп жатканын кошумчалап, “Лондондо олимпиада чемпиону болууга аракет кылам" деп "Азаттыкка" кыргызча айтты.

Юрий Краковецкий үч бир туугандын кенжеси. Эжеси жана агасы да жаш кезинде спорт менен машыгып, инисине үлгү болушкан. Юрий Краковецкий атасы да жашында эркин күрөш менен машыккан. Ошондуктан бул үй-бүлө спортко жакын болуп, Юраны ар тараптан колдоого алып турушат.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчисинин орун басары Талант Беккуловдун айтымында, Юрий Краковецкий Кыргызстандын көп жолку чемпиону. 2008-жылдан өлкөнүн тандалма командасынын мүчөсү.

Өз салмагында мыкты балбан

Юрий Краковецкий уландар, жаштар арасында Азия чемпионатында үч жолу коло байгеге татыктуу болгон. “Азия балдары” оюндарында үчүнчү орунду жеңип алган. 2008-жылы Түштүк Кореяда өткөн дзю-до боюнча эл аралык турнирде үчүнчү болгон. Жакында эле Прага шаарында дзю-до боюнча Европа кубогунда Юрий Краковецкий 7-орунга илинди. Бул мелдешке 37 өлкөдөн төрт жүздөй балбан катышты.

Юрий Краковецкий Лондон олимпиадасында 100 кг. жогорку салмакта күч сынашат.

Юрий Краковецкий айтымында, Лондон олимпиадасына Орусия, Чехияда даярдык көрүп, учурда Латвияда машыгып, атаандаштарын талдоого алып жүрөт.

- Олимпиадалык оюндарда ар бир салмак боюнча дүйнөдөн тандалган 32 эң мыкты дзю-до чебери күч сынашат. Лондон олимпиадасына чейин дагы 2 турнирге катыштым. Ошол мелдештерде да чеберчиликти сынап, даярдыкты жакшы деңгээлге жеткирүүгө аракет кылдым. Өз салмагымда Азиядагы мыкты балбандардын сабындамын. Чынында Лондон олимпиадасында француз, америка, жапон жана орус күчтүү атаандаштарым бар. Бирок жакшы даярдык көрсө, баарын утууга болот. Олимпиадалык медаль үчүн аракет кылам.

Юрий Краковецкий кыргызстандык курбулары Азат Кубакаев жана Чыңгыз Мамедов менен бирге бир жылдан ашуун убакыт Париждеги дүйнөлүк дзю-до академиясынан билим алып, мыкты жигиттер менен бирге машыкты.

Алгачкы устаты - Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Сергей Мистрюков. Эки-үч жыл Анвар Жураевден да таалим-тарбия алган. Спорттон тышкары бош убактысында достору менен кино көрүп, тоого чыгып эс алууну жактырат.

Юрий Краковецкий Олимпидалык оюндарга биринчи жолу катышат.

Учурда Юрий Краковецкий Латвиянын балбандары менен бирге даярдык көрүп жатат. Себеби алардын жаратылыш жагдайы Лондонго окшош дешет адистер.

Спорттун түрү: Дзю-до
Туулган жылы, күнү: 1992-жыл, 27-август
Салмагы: 100 кг. жогору
Бою: 1, 90
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG