Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Ыйман - ырыскынын, үмүт - тилектердин майрамы


Кыргызстанда бүгүн бир миллионго чукул православ христиандар Ыйсанын туулган күнүн майрамдап жатат. Алардын сыйынуусу өлкөнүн ар кайсыл чиркөөлөрүндө кечээ түштөн кийин башталып, таң атканча улантылган.

Ыйсанын туулган күнүнө чейин православдар 40 күн эттин бардык түрүн, жумуртка, балык этин ж.б. ушул сыятуу оор тамактарды жегенден баш тартуусу керек. Бул кармануу күрүчкө мейиз, өрүк кагы жана бал же кум шекер кошулуп жасалган атайын тамак жасоо менен соңуна чыгат. Тамактарга чектөөлөр 6-январь күнү кечинде асманда биринчи жылдыз көрүнгөндөн кийин гана токтотулат деп айтышат православдар.

Лариса Викторова бул майрамдын урматына чиркөөгө барып шам жагып, өзү, каза болгон жана көзү тирүү туугандары үчүн да Кудайдан кечирим сурап келген. Айрым тамактардан кармануу зарыл болгондуктан Лариса айым конокторун эти жок борщь, палоо жана таттууларды даярдап күтүп алганын айтат.

- Албетте, Ыйсанын туулган күнү чоң майрам. Мисалы, мен чиркөөгө барып көзү өтүп кеткен жана жанымда жүргөн жакындарым үчүн шам жагып келдим. Аз болсо да жан дүйнөм жеңилдеп калат. Бул майрамда бардыгына ден соолук каалайм. Ошондой эле элдер бир аз жанданып, көнүлдүү жүрүшүн тилейт элем. Анткени азыр карасаң бардыгы эле кайгы-капанын үстүндө жүргөндөй сезилет.

Людмила да бул күнү майрамдын салтын сактаганга аракет кылат. Бул күнү жакындарга ыраазычылык билдирип, майрамды жакшы тилектер менен гана өткөрүү зарыл деп белгилейт ал.

- Мен да бардыгы сыяктуу эле бул күнү күрүчтөн жасалган атайын тамак жасайм. Ошондой эле Ыйсанын туулган күнүндө жакындарыңа рахматыңды айтып, Кудайдан бардыгы бакубат, бири-бирин сыйлап, достукта жашоосун суранышың керек.

Бүгүн бул күндү майрамдап жаткандар дасторкон жайып, мейман күтүп, Кудайдан жакшы тилектердин кабыл болуусун сурашат. Негизгиси көңүлдүү өткөрүүгө аракет кылышат. Андан соң жазында башталчу улуу постко (айрым тамактардан кармануу) даярдык көрүшөт.

XS
SM
MD
LG