Бул мушташтан соң ондогон киши камакка алынды, алты кылмыш иши козголду. Кабарларда айтылгандай, массалык мушташ ортодогу чырдан башталган. Мындай чырлуу окуялар соңку кездери Кыргызстанда көнүмүш адатка айланып бараткандай.
Кандай болбосун талаш, чыр-чатакты мыйзамдуу жол менен, уруш-мушташсыз чечүүгө болбойбу? Укук, мыйзам үстөмдүк кылган өлкөлөрдөгүдөй милицияга, же сотко арыз жазып, мыйзамдуу жазага тарттыруу мүмкүн эмеспи Кыргызстанда?