Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Барскоон: Митингчилер Кумтөргө аттанганы калды


Барскоон-Кумтөр жолу жабык бойдон турат. Митингчилер жооп болбосо, бейшембиде Кумтөр кенине аттанарын айтууда.

Кумтөрдөн алтын казууга каршы митинг 29-майда да уланып, акцияга катышкандардын катары бул күнү бир топ калыңдады. Барскоон айылынын өйдө жагында өтүп жаткан митингге Жети-Өгүз районундагы башка айылдардан да өкүлдөр келип катышты. Миңге чукул митингчилер бул күнү талаптарын аткаруу үчүн чектеген мөөнөтүнүн акыркы күнү болгону үчүн түшкү саат үчкө чейин өкмөттөн киши күтүштү. Бирок акцияга чыккандар менен облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери гана жолукту.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мырзабек Исмаилов акцияга чыккандарды мыйзамды сактоого чакырды жана парламентте бул маселе боюнча кезексиз жыйын болорун маалымдады.

Учурда Барскоон-Кумтөр жолу жабык бойдон турат. Акцияга чыккандар бүгүн жооп болбосо, эртең бейшембиден тарта Кумтөр алтын кенине аттанарын билдиришти. Митингчилер ал жакка боз үй тигип, тынчтык жолу менен талаптарын коёрун айтышууда.

Кечээ, шейшембиде Барскоон айылынын жогору жагында чогулгандар жолдун жарымын машинелер менен тороп, калган жагына таш тизип коюшкан. Алар ар бир машинени текшерип, жеңилдерин гана коё берип жатышты.

Акцияны уюштургандардын бири Эрмек Жунушбаев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биз эки күн убакыт бердик, кечээ саат беште жолду жаптык, эртең саат бешке чейин биздин талаптарыбызды чечип бербесе, анда өйдө көтөрүлөбүз. Бийликтен министр Темир Сариев келсин. Анткени өкмөт комиссия түздү. Жыйынтык күтсөк, аны да жылдырып жатышат, үч ай, анан дагы алты ай дешет, буга чейин канча жолу ушундай митингдер уюштурулду. Ошонун баарын дайыма 10 күндө, бир айда чечебиз деп, 20 жылдан бери келатат.

Жети-Өгүз районунун айрым жаштары - "Центерра Голд" компаниясы экологиялык залакасы үчүн жергиликтүү айылдарга компенсация төлөөгө тийиш деген бир катар социалдык талаптарды коюп, кечээтен баштап чыгууда.

Бирок райондо митингчилердин аракети талаа иштерине жана туристтик сезонго кедергисин тийгизет дегендер да бар. Алардын оюнча, жол айрым саясий күчтөрдүн көрсөтмөсү менен буулуп жаткандай.

Жол тоскондор менен жергиликтүү бийлик жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жети-Өгүз районунун акими Жолдошбек Дүйшөнбиев коюлуп жаткан талаптар жогору жакка жеткирилгенин билдирди.

- Ушул чыккан балдар менен кечээ сүйлөшкөнбүз. Тартипти сактайбыз дешкен, атайын кезектешип туруп жатышат. Бул жакта абал кандай болуп жатканын билели деп келдик. Биз жогору жакка талаптарды жеткирдик. Эки күндүк убакыт беришти. Эми бул жактагы эл деле бул райондук масштабда чечилчү маселе эмес экенин түшүнүп жатат. Кечээ губернатор да келген.

Учурда Кумтөр алтын кенине кетчү жолдо, компаниянын токтоп турган унаалары жок. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын айтымында, митингде эч кандай мыйзам бузуу фактылары катталган эмес.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG