Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:10

Лавров: Ливия боюнча сүйлөшүүдө «жылыш» болду


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана өзүн Ливиянын улуттук армиясы деп атап алган топтун башчысы, генерал Халифа Хафтар. Москва. 13-январь, 2019-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана өзүн Ливиянын улуттук армиясы деп атап алган топтун башчысы, генерал Халифа Хафтар. Москва. 13-январь, 2019-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Москвада өткөн Ливия боюнча сүйлөшүүлөрдө кандай бир «жылыш» болду. Ал ошондой эле Түркия менен Орусиянын коргоо жана тышкы иштер министрлери Ливия тарап менен жолугушууда өлкөдөгү кырдаалды жөндөө боюнча документтерди караштырышканын кошумчалады.

Лавров белгилегендей, Бириккен Улуттар Уюмунун көмөгү менен түзүлгөн Ливиядагы Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж менен Ливия парламентинин өкүлү кырдаалды жайгаруу боюнча документке кол коюшту. Ал эми өзүн Ливиянын Улуттук армиясы деп атап алган топтун башчысы, генерал Халифа Хафтар «шейшембинин таңына чейин ойлонууга убакыт алды».

Мурдараак Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ливиядагы жаатташкан тараптардын Москвадагы сүйлөшүүсү «оң багытта» өтүп жатканын белгилеген. Ал Анкара Ливияда орус президенти Путин менен Эрдогандын чакыруусуна ылайык күчүнө кирген ок атышпоо режимин турукташтырууну көздөп жатканын айтты.

«Reuters» агенттиги Ливиядагы жаатташкан тараптардын лидерлери Москвада жолугушканын кабарлаган. Кийин жолугушууга лидерлер эмес, тараптардын өкүлдөрү гана катышканы маалым болду.

XS
SM
MD
LG