Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

БУУ: Ливиядан курал алууга Украина да аралашкан


Бириккен Улуттар Уюму Ливиядан улам көп санда курал сыртка ташылып, бир топ өлкөлөрдөгү экстремисттер менен кылмышкерлердин колуна түшүп жаткандыгын эскертти. Жаңы отчетто Малидеги согуштук аракеттерде колдонулган деп шектелген бул курал Армения, Украинага чейинки аймактарга таркап жаткандыгы эскертилет.

БУУнун отчетунда айтылгандай, Ливиядан курал «өтө кооптуу масштабда» ташылып чыгууда жана Сирия, Газа тилкеси, Мали өңдөнгөн өлкөлөрдөгү «экстремисттер менен криминалдардын» курал кампасын байытып жатат.

Отчетко ылайык, Түндүк Африкадагы бул өлкө иш жүзүндө аймактагы башкы курал сатуучуга айланды. Ливияда 2011-жылы Муаммар Каддафинин бийлиги кулагандан кийин жаңы өкмөт алигиче өз бийлигин турукташтыра албай келатат.
Документте айтылгандай, Ливиядан курал 12ден ашык өлкөгө тымызын ташылып жатат. Арасында абадан коргонуучу чакан системалар, жардыргычтар, мина, тапанча, ок-дары бар.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине жөнөтүлгөн отчетто «акыркы эки жылда Ливия курал-жарактын маанилүү жана көптөрдү кызыктырган булагына айланганы» айтылат.

94 барактан турган отчет Ливияга каршы киргизилген эл аралык курал эмбаргосун көзөмөлдөгөн Коопсуздук Кеңешинин эксперттер комиссиясы тарабынан даярдалган.

Комиссиянын тергөөчүлөрү отчет жазып жатканда Африка, Европа, Жакынкы Чыгыштагы 15 өлкөдө дээрлик 30 жолу, алардын ичинде 10 ирет Ливияга барышкан.

НАТО колдогон козголоңчулар Каддафиге каршы согуш жүргүзүп жатканда Ливияга курал сатууга тыюу салынган болчу. Ага карабастан ошол кезде Ливияга курал «агып» келип турган.

Комиссиянын маалыматында, курал өлкөгө анти-каддафичил козголоңчуларды колдогон Катар, Бириккен Араб Эмираттарынан ташылган. Ливияда борбордук бийлик бүт өлкөнү өз көзөмөлүнө ала элек болгондуктан, куралдын көбү бүгүн карапайым тургундар менен куралдуу топтордун колунда кала берүүдө.

Отчеттун авторлору белгилегендей, Ливиядан курал сатып алуу жеңил болгондуктан, башка өлкөлөрдө экстремисттик куралдуу топтор Ливиядан эми сыртка агып жаткан курал-жарактын жардамы менен өз өкмөттөрүнө каршы күрөшүн күч алдырып жатышат.

Мыйзамсыз соодадан пайда тапкандар менен аткезчилердин күнү тууп, пайдага тунушууда. Сириядагы жарандык согуштун катышуучуларына куралдын берилишине байланыштуу отчетто мындай операциялар Ливиянын Мисрата, Бенгази жана башка шаарларындагы түйүндөрдөн Түркия же Түндүк Ливан аркылуу ишке ашырылып жаткандыгы айтылат.

Ливиядан Египетке да курал көп кетип жаткан шекилдүү. Мындай куралдын бир бөлүгү орто жолдо исламчыл "Хамас" уюму башкарган Газа тилкесиндеги палестиндердин колуна түшүп жатат. Египетте мындан эки жыл мурда президент Мубарак кулатылгандан кийин Израил менен чектеш Синай чөлүндө коопсуздук начарлап кетти.

Отчетто Ливиядан курал сатууга Бириккен Араб Эмираттары, Армения, Албания жана Украина да аралашкандыгы бышыкталат.

Авторлор Ливиянын куралы Батыш Африкада Малидеги жаңжалга май чачып жаткандыгын эскертишет. Малиде исламчылар өлкөнүн бир топ бөлүгүн басып алгандан кийин январ айында франциялык күчтөр аларга каршы операция баштаган.

Коопсуздук Кеңешинин комиссиясы даярдаган отчетто мындан тышкары Судан боюнча жана Ливиядагы оппозицияга пилотсуз дрон учагын берген канадалык компания тууралуу да сөз болот. Канадада бийликтер бул маалыматты текшерип жаткандыгын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG