Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Ыйманга жол издеген адабият


“Калем жана ыйман” китеби
“Калем жана ыйман” китеби

“Ыйман” фонду акын-жазуучулардын “Калем жана ыйман” аттуу китебин чыгарды. Долбоордун шартына ылайык, жыйнакка атайын комиссиянын элегинен өткөн проза жана поэзия жанрындагы мыкты делген чыгармалар киргизген.

Уюштуруучулар коомдун адеп-ахлагын оңдоого акын-жазуучулар да өз салымын кошот деп үмүт артышууда. Адабиятчылар ыйман деген түшүнүк жеке эле ислам динине тиешелүү эмес экенин, адабиятта ар бир эле классикалык чыгарма жалпы адамзатты ыйманга чакырарын белгилешет.

Китептин биринчи басылышына Надырбек Алымбеков, Жыпара Исабева, Мамат Сабыров, Садык Гавай сындуу бир топ таанымал авторлордун чыгармалары кирген. “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков китеп чыгаруу демилгеси чыгармаларын элге жайылталбай жүргөн акын-жазуучуларга мүмкүнчүлүк түзүү жана окурман журтун азыркы жеңил-желпи деп эсептелген китептерден рухий баалуу китептерди окуганга буруу экенин айтат:

- Калем менен жаман нерсени жазса да болот. Аягы суюктар тууралуу, адам өлтүргөндөр тууралуу, айтор жалпы эле адамкерчиликке туура келбеген окуялар да жазылып жүрөт. Ошол эле учурда калем менен ыйманды, адепти, мекенди, ата-энени сүйүүнү да жазса болот. Биз ушул экинчи топтогу акын-жазуучуларды колдосок, ар бир эле жазуучу адам пейлин оңдой турган, жакшылыкка үндөй турган чыгармаларды жазса деп ойлоп, ушул долбоорду баштаганбыз. Кудай буйруса калемдин жардамы менен элибиздин ыйманын, адап-ахлагын, руханий потенциалын көтөргөнгө салым кошсок деп турабыз.

Кадырбеков ушул максатта “Калем жана ыйман” долбоору мындан ары да өзүнүн ишмердүүлүгүн уланта берерин, татыктуу чыгармалар жыйналган сайын алар китеп болуп чыгып турарын, жакындан баштап долбоордун алкагында акын-жазуучуларды аймактардагы окурмандар менен жолуктуруу сапары да уюштуруларын кошумчалады.

Калем менен жаман нерсени жазса да болот. Айтор жалпы эле адамкерчиликке туура келбеген окуялар да жазылып жүрөт. Ошол эле учурда калем менен ыйманды, адепти, мекенди, ата-энени сүйүүнү да жазса болот...
Нуржигит Кадырбеков

Жазуучу Мамат Сабыров аталган жыйнакка кирген аңгемесинде жымжырттыктан өзүнүн өткөн күндөрүн издеген, кээде издегенине жолуккан чыгармачыл инсан тууралуу жазган. Чыгармада тоо аралап жалгыз жүргөн адам өткөн күндөрүнүн үнүн угуп, өмүрдүн баалуулугун, ар бир учур кайра кайрылбаганына ичи сыйрылып турганы сүрөттөлгөн. Мында окурманды кайсы бир динге үгүттөө, акыл айтуу жок. Бирок жазуучу ар бир эле чыгарма өзөгүндө окурманды ыйманга чакырыш керек деп ойлойт:

- Адабиятты детектив, ыйман деп ар кандай нукка бөлүү бул кийин чыккан эле нерсе.Түбү башатында адабият такыр бөлүнгөн эмес. Ал башында эле адамзатты ыйманга чакыруу үчүн колдонулган. Бул адеп тууралуу илим. Детектив жазабы, тарых жазабы анын өзөгүндө ыйман, адеп маселеси турушу керек. Мисалы, Конан Дойлду алалы. Шерлок Холмс турган турушу менен детектив. Бирок анын өзөгүндө ыйман турат.

Сабыровдун айтуусунда, көркөм адабияттын милдети жалпы адамзатты жакшылыкка чакыруу, ал эми жөн гана акча табуу максатын көздөгөн, адамкерчиликтин чен-өлчөмүнөн чыккан чыгармалар убактылуу гана кызыкчылыкты көздөйт.

Адабиятчы Гүлзада Станалиева көркөм адабияттагы ыймандуулукту кайсы бир динге байланыштырбай кеңири алкакта кароо керек деген пикирде. Адис дүйнөлүк адабияттан орун алган классикалык чыгармалардын ар бири жалпы адамзатты бийик адамкерчиликке үндөп турарын белгиледи:

- Адабияттагы гениалдуу чыгарма өзөгүндө сөзсүз түрдө ыйманды камтыйт. Ыйманды камтыбаган адабият классика боло албайт. Мисалы, ошол эле Достоевскийди, Толстойду алалы. Кыргыз акындарынан Алыкул Осмоновду, Жолон Мамытовду, аял акындардын ичинен Сагын Акматбекованы алалы. Ушулардын ырларын окусаң көңүлгө кадимкидей канат байлайсың. Жашоого, сүйүүгө ишеним пайда болот. Адамкерчилик сезимдериң бийиктейт. Ушулардын баары эле адабияттын негизги кайрылган темасы. Ыймансыз адамзаттын келечеги жок.

Станалиева анткен менен адабияттагы ыйман түшүнүгү чыгармачылык эркиндикти чектөө үчүн колдонулбаш керек деп эсептейт.

“Калем жана ыйман” долбоорунун алкагында буга чейин “Улуу имам Абу Ханифа” жана “Табигат сырлары” аттуу китептер жарык көргөн.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG