Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Лондондо бычак менен кол салган адамдын тек-жайы аныкталды


Лондондогу кол салуу болгон жер. 2-февраль, 2020-жыл.
Лондондогу кол салуу болгон жер. 2-февраль, 2020-жыл.

Лондондо көчөдөгү элге бычак менен кол салган адамдын тек-жайы аныкталды. Ал 20 жаштагы Судеш Амман болгонун полиция билдирди. 2-февралда Британиянын баш калаасынын Стритхэм районунда жан кечтинин курун тагынган адам көчөдөгү адамдарга бычак менен кол салып, үч адам жабыркаган. Окуя болгон жерге келген полиция кылмышкерди атып өлтүрдү.

Судеш Амман 2018-жылы террорчулукка байланыштуу кесилип, жакында эле абактан чыкканы маалым болду. Ал мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкканына байланыштуу кол салган маалда да полициянын көзөмөлүндө болгон. Кийинчерээк кылмышкер тагынган жан кечтинин куру жасалма болгону аныкталды.

Коопсуздук кызматы окуяны террордук акт катары мүнөздөп, анын ашынган исламчылар менен байланыштары болгонун билдирди.

«Sky News» каналы билдиргендей, Амман январь айында эле түрмөдөн чыккан. Ал террордук материалдарды сактаганы жана таркатканы үчүн камалган.

XS
SM
MD
LG