Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Ливияда утурумдук бийлик маанилүү жерлерди ээледи


Бир нече күнгө созулган атышуулардан кийин жекшембиде Ливиянын Улуттук Өткөөл кеңеш бийликтен кулатылган лидердин кичи мекенинде маанилүү жерлерди ээлегенин билдирди.

Ливияда бийликтен кулатылган лидер Муаммар Каддафи туулуп-өскөн Сирте шаары азыр анын күчтөрү дале ээлеп турган өлкөдөгү эки жердин бири. Сиртеден сырткары, Каддафинин аскерлери азыр чөлдө жайгашкан Бени-Валид шаарында да каршылык көрсөтүүнү улантышууда.

Жекшембиде мурдагы оппозиция, азыркы утурумдук өкмөттүн аскерлери Сирте шаарында “Каддафинин күчтөрү жашырынып турган” башкы эки жерди ээлешкенин айтышты. Сөз ал жердеги университет жана “Уагадугу” деген конференц-борбор жөнүндө болуп жатат.

Сиртедеги атышуулардын негизги бөлүгү жума күнү башталган. Муаммар Каддафинин күчтөрү катуу каршылык көрсөтүп, атышууларда танкалар менен оор артиллерия колдонушканы айтылууда.

Өлкөдөгү Улуттук Өткөөл кеңештин өкүлдөрү бийликтен кулатылган лидер Муаммар Каддафинин кичи мекени Сиртени толук ээлешкенде, Каддафин өзү качып кеткен күндө да, “жеңишке жеткенин” жарыялай турганын айтышты.

Анткени мамлекеттеги бүт аба майдандары менен порттор алардын көзөмөлүнө өткөн болот.

Азырынча Каддафинин тарапкерлери менен атышуулар Бани Валид шаарында дале уланып жатат. Бирок бул шаар чөлдө жайгашкандыктан, андан Ливиядан сыртка качып кетүүгө мүмкүн эмес. Анын үстүнө жекшембиде кечкисин Убактылуу бийлик Бени-Валиддин аба майданы да алардын көзөмөлүнө өткөнүн кабарлады.

Ливияны 42 жыл башкарган Муаммар Каддафинин бийликтен кетишин талап кылган алкактуу демонстрациялар өлкөдө быйыл февралда башталган. Улуттук өткөөл кеңештин маалыматында, ошондон берки атышууларда 25 миңдей адам өлдү, 60 миңдейи жаракат алды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG