Туризмге журналисттердин салымы чоң
Малайзиянын үч ири медиа холдингинде иштеген алты журналист Кыргызстанга келип кетти. Алар өлкөнү кыдырып, Кыргызстандын маданияты, жаратылышы, салт-санаасы менен таанышуу үчүн келген. 25-июлда Ысык-Көлдө өткөн "Мейкин Азия" ыр сынагына дагы күбө болуп, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен дагы жолугушушту. Иш чаранын максаты эки өлкө алакасын жакшыртуу. Алар өз жерине барып Кыргызстан жөнүндө берүүлөрдү көрсөтүшөт. Буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин демилгеси менен 20 чакты кыргызстандык журналист менен чыгармачыл адамдар Малайзияга барып келишкен. Малайзиялык журналисттердин сапары 30-июлда аяктады.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 09, 2025Орусиядан чыгып кетип, Сербиядан орун тапкан мигранттар
-
Сентябрь 19, 2025Орусия: Жапырт депортация коркунучу, мигранттар күткөн жардам
-
Август 28, 2025Киевге чабуул: 22 киши мерт болду, ондогон тургун жараат алды
-
Июль 24, 2025Одесса Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылды