Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Иракта табылган Мариям туугандарын издейт


"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринин үй-бүлөлөрү кармалган Мосулдун түштүгүндөгү лагерь, 19.07.2017
"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринин үй-бүлөлөрү кармалган Мосулдун түштүгүндөгү лагерь, 19.07.2017

Ирактагы качкындар лагеринде табылган Мариямдын Тажикстандагы туугандары аны мекенине кайтарууга аракет кылышат. 10 жаштагы кыз Мосул шаарындагы бомбалоодо ата-энесинен, бир туугандарынан ажыраган. Коңшу өлкөдө социалдык сайттарда тажик бийлигин тестиер кызды тезинен алып келүүгө үндөгөндөр көбөйдү.

10 жаштагы Мариям Ирактагы лагерде баш калкалап жүргөнүн "Russia Today" телеканалы былтыр көрсөткөн. Журналисттер мурдагы советтик өлкөлөрүнөн барып, Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулгандардын балдары жөнүндө берүү даярдашкан. Видео баянда Мариям орус тилинде сүйлөп, Тажикстандан келгенин айтып, мекениндеги туугандарына “мени бул жерден алып кеткиле” деп кайрылат.

Февралдын ортосунда Интернетте дагы бир видео чыккан. Анда Мариям Тажикстандагы туугандарынан жардам сурайт.

Мариям.
Мариям.

- Чоң эне, кандай турасыңар? Баары жакшыбы? Ден соолугуңар жайындабы?

- Ушул телефон номурга Саид авамдын номерин жибергиле.

Мариям Мосул шаары "Ислам мамлекетинин" экстремисттеринен бошотулган соң Багдаддагы лагерлердин бирине түшкөн. Ал жерде мурдагы совет өлкөлөрүнөн чыккан башка балдар да бар.

Тестиер кыз журналисттерге бомбалоодо ата-энесинен, бир туугандарынан айрылганын айтып берген.

37 жаштагы Жамалидин Шоев 34төгү аялы Садбарг Шомирзаеваны, төрт баласын ээрчитип эки жыл мурун мекенин таштап кеткен. Алгач аларды "Египетке кетти" деп түшүнгөн туугандары окуянын чоо-жайын кийин гана билишет. Шоевдин бешинчи баласы Иракта туулган экен.

Мухаммадраим Шоев.
Мухаммадраим Шоев.

Жамалидин Шоевдин атасы Мухаммадраим аксакал 20-февралда “Азаттык” радиосунун тажик кызматына уулу 2004-жылы эле Египетке кеткенин, ал жерден диний билим алганын баяндап берген. Ал Египеттеги таанымал Ал-Азхар ислам университетине барып окууга тажик бийлиги уруксат берген кагазын да көрсөттү.

Карыянын айтканы боюнча Жамалидин Шоев 2015-жылы үй-бүлөсү менен Тажикстанга көчүп келип, бирок кайра Египетке окуусун улантам деп кеткен. 2017-жылдын августуна чейин үйдөгү атасы менен кабарлашып турган.

- Ал "Египетте жүрөбүз" деп айткан. Акыркы жолу августта чалган, ошол бойдон кабарлаша алган жокпуз. Анан бир нече айдан кийин коопсуздук кызматындагылар келип, уулум үй-бүлөсү менен бомбалоого кабылганын, Мариямдан башкасы каза тапканын айтышты, – деди Мухаммадраим Шоев.

Былтыр августта Ирактагы Мосул шаары "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлеринен бошотулган. Атайын операция маалында жүздөгөн адамдар колго түшкөн. Ирак бийлиги алар террордук топтун катарында согушкан жоочулардын үй-бүлөлөрү экенин билдирген.

Жамалидин Шоев.
Жамалидин Шоев.

Бала-чакасы менен Египетке кеткен Жамалидин Шоев ошентип Ирактын Мосул шаарынан чыккан.

Тажик бийлиги Жамалидин үй-бүлөсү менен Иракка кеткенинен кабардар экенин ишарат кылганы менен Мариямдын видеосу Интернетке чыкканча эч кандай далил көрсөтө алган эмес.

Сирия менен Ирактагы террористтик топтордун арасында экени сөз болгон тажик жарандарынын тизмесинде Жамалидин Шоевдин аты-жөнү жок.

Согушкердин кызы туугандарын издейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:57 0:00

"Russia Today" телеканалы тажикстандык дагы төрт баланы көрсөтүп, алардын улуусунун аты Айша деп тааныштырат.

12-январда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 16 жаштагы Айша, тогуздагы Абдулла, жетидеги Фатима жана үч жашар Мухаммад дүйшөмбүлүк Илхомидин Аслоновдун балдары экенин билдирген. Үч жыл мурун балдар ата-энеси менен Иракка кетишкен. Аслоновго тажик бийлиги издөө салган.

Буга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлиги Ирак менен Сирияда согушуп жүргөн тажик жарандарынын саны бир миңден ашаарын, алар менен бирге 200дөй балдар бар экенин билдирген.

Гуманитардык уюмдар болсо "Ислам мамлекети" тобунун катарында согушкан жоочулардын арасында тажикстандык үй-бүлөлөр бар экенин ырасташат. "Ушул тапта Сирия менен Иракта жана башка жаңжал жүрүп жаткан аймактарда 234 үй-бүлө болсо, алардын 840ы тажик жарандары. Алардын 309 эркек, 279 аял, 110 кыз жана 142 эркек бала" деген маалымат Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча агенттигинин баянында айтылат.

Тажик бийлиги жаңжал жүрүп жаткан аймактардан 21 кыз менен 20 эркек баланы алып чыкканы гана маалым. Бирок алардын аты-жөнү, кийинки тагдыры жөнүндө эч кандай сөз айтыла элек.​​ ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG