Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Муртаза Мессиге жолукту


Муртаза Мессиге жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00

Үстүбүздөгү жыл башында желим баштык кийип, ага аргентиналык футболчу Мессинин атын, номерин жазып алган баланын сүрөтү интернетти жарган эле. Адегенде бу бала кыргызстандык дегендер да болгон. Көрсө ал Ооганстандын айылдарынын биринде жашаган Муртаза Ахмади экен. Кийинчерээк ал Мессиден атайын 10 деген номурлуу футболка менен топ белекке алган. Эми кичинекей футбол күйөрманы кумиринин өзү менен жолукту. Муртазаны “Барселонанын” Катардагы оюнуна атайын алып келишкен. Мелдеш башталарда Месси менен жетелешип стадионго чыгып, башка балдарга караганда стадиондо көбүрөөк кармалды. Буга анын көктүгү да себеп болду окшойт. Акыры калыстын кийлигишүүсү менен гана көк майсаңды таштоого аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG