Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Мексикада күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болду


Зилзаладан улам көчөдө топтолгон адамдар. Мехико шаары. 23-июнь, 2020-жыл.
Зилзаладан улам көчөдө топтолгон адамдар. Мехико шаары. 23-июнь, 2020-жыл.

Мексиканын жээгинде шейшембиде 7,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Анын эпкини башкалаа Мехико жана өлкөнүн түштүк, борбордук бөлүктөрүндө, бардыгы болуп жети штатта сезилди. Борбор шаарда бери дегенде төрт киши каза тапты, ондогон имараттарга зыян келтирилди. Андан тышкары зилзала жер көчкүгө алып келип, кээ бир жерлерде жолдор буулуп калды, электр жарыгы өчтү.

Президент Андрес Мануэл Лопес Обрадор мунай иштетүү жана электр энергияны өндүрүү ишканалары өңдүү инфраструктурага табигый кырсыктын залакасы тийбегенин билдирди.

Сейсмикалык жактан кооптуу аймакта орун алган Мексикада акыркы 35 жылда бир нече катуу жер титирөө болуп, адам өлүмдөрү, кыйроолор менен коштолгон.

XS
SM
MD
LG