Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Олланд Израилге шарт коюп, таламын жактады


Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху (оңдо) жана Франциянын президенти Франсуа Олланд Иерусалимдеги пресс-конференцияда. 17-ноябрь, 2013
Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху (оңдо) жана Франциянын президенти Франсуа Олланд Иерусалимдеги пресс-конференцияда. 17-ноябрь, 2013

Жакынкы Чыгышта тынчтык орношу үчүн эки маселени чечүү зарыл. Биринчиси - Батыш Иорданда жөөт конуштарын кеңейтүүнү жана Иран ядролук программасын өнүктүрүүнү токтотуу керек.

Бул жөнүндө Франциянын президенти Франсуа Олланд Израил парламентинде сүйлөгөн сөзүндө айтты. Олланд ошондой эле Иран ядролук программасын өнүктүрүү планынан баш тартмайын, Париж Тегеранга каршы санкцияны жеңилдеткенге каршы экенин баса белгиледи.

18-ноябрда Франциянын президенти Франсуа Олланд Израил парламентинде сүйлөп, Батыш Иордандагы аннексияланган жерлерде жөөт конуштарын кеңейтүүнү токтотууну талап кылды жана Иерусалим кайсы бир күнү эки мамлекеттин борбору болуш керек деди.

Израил Батыш Иорданды жана Иерусалимдин көбүнесе арабдар жашаган чыгыш бөлүгүн 1967-жылкы араб өлкөлөрү менен болгон алты күндүк согушта басып алган. Эл аралык коомчулук эч качан бул жерлерди Израилдики деп тааныган эмес. Бирок израилдиктер, Франсс пресс агенттиги баамдагандай, Иерусалимди өзүнүн бөлүнгүс байтакты деп билет.

Экинчи жактан палестиндер да Чыгыш Иерусалимди эрктүү Палестинанын болочоктогу борбору катары көрөт. Франсуа Олланддын Кнессетте (Израил парламентинде) айтымында, бул эки маселе жөндөлбөй, Жакынкы Чыгышта тынчтыктын жана коопсуздуктун болушу мүмкүн эмес. Өз кезегинде Израилдин өкмөт башчысы Бинямин Нетаняху Жакынкы Чыгышта” реалдуу тынчтык орносо, эки элдин эки мамлекети чечилген маселе болот” деди.

Батыш Иордандын Иерусалимге чукул жериндеги жөөттөрдүн Гиват Зеев конушундагы жаңы турак үйлөр. 17-октябрь, 2013
Батыш Иордандын Иерусалимге чукул жериндеги жөөттөрдүн Гиват Зеев конушундагы жаңы турак үйлөр. 17-октябрь, 2013
"Рейтер" агенттигинин маалымдашынча, ушул тапта Батыш Иорданды жана Чыгыш Иерусалимди 500 миңден ашуун жөөт жана 2,5 миллиондой палестин байырлайт.

Вашингтон үндөп жатып, үч жылдык тыныгуудан кийин быйыл июлда башталган жөөт-палестин тынчтык сүйлөшүүлөрү өтө жай жүрүүдө. Өткөн аптада Израил талаштуу аймакта жаңы турак-жайларды куруу планын жарыялагандан кийин Тынчтык сүйлөшүүсүндөгү палестин делегациясы отставка сураган. Бирок израилдик делегациянын башчысы Ципи Ливни айым бир жумадан ашык токтоп калган сүйлөшүү палестиндер кайра келгенге байланыштуу улантыларын дүйшөмбү күнү билдирди.

Франсуа Олланд Кнессеттеги сөзүндө Ирандын ядролук программасы боюнча алдыда болчу сүйлөшүүгө өзгөчө көңүл буруп, Франция Ирандын ядролук куралга ээ болуусуна жол бербесине баса токтолду:

- Иранга жөн эле сөз же бүдөмүк убадалар менен эмес, жок, конкреттүү жана текшере алчу иш-чаралар менен жооп берчү убакыт келди. Иран өз ядролук программасынан чечкиндүү жана биротоло баш тартканына ишенмейин, биз санкцияны токтотпойбуз деп мен сиздерди ишендирем.

“Евроньюс” телеканалы байкагандай, ошентип Израил капилеттен эле АКШга караганда да катаал көз карашта турган Франциядай союздаш тапты. Париж 10-ноябрда Ирандын ядролук куралдан биротоло баш тартуусун талап кылып, Женева сүйлөшүүсүндө Иран менен келишимге кол койгондон баш тарткан.

АКШ болсо Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча Р5+1 менен Тегеран ушу аптанын аягында макулдашууга жетерине ишене бербесин билдирди. Бул жөнүндө АКШ мамкатчысы Жон Керри дүйшөмбү күнү Вашингтондо Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даудоглу менен сүйлөшүүдөн соң маалымдады. Израил жана көпчүлүк Батыш мамлекеттери Иран ядролук бомбанын үстүнөн жашыруун иштөөдө деп шектенишет. Тегеран программасы тынчтык гана максатын көздөгөнүн айтып келет.

XS
SM
MD
LG