Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:36

Эмгек мигранттары кайтууга ниеттенбейт


Федералдык миграция кызматкери мигранттын документин текшерүүдө
Федералдык миграция кызматкери мигранттын документин текшерүүдө

Чет жердеги эмгек мигранттары дүйнөдөгү каржылык кризиске байланыштуу артка кайта башташса Кыргызстанда олуттуу социалдык көйгөй жаралары, кыргыз бийлиги аны жоюуга чамасы чак экени айтылууда.

Мигранттар менен иштеген уюмдардын айтуусунда, көптөгөн мигранттардын ансыз да кыйын абалда турган Кыргызстанга кайтууга ниеттери жок. Ал эми тиешелүү бийлик өкүлдөрү андай оор кырдаал жаралбасын айтышат.

Дүйнөнү каптаган каржылык кризиси көптөгөн ири ишканаларга өз таасирин тийгизип, бир катар өлкөлөрдө он миңдеген адамдар жумуш орундарынан айрылышууда. Мындай көрүнүш кыргызстандык эмгек мигранттарынын дээрлик басымдуу бөлүгү байыр алган Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө да орун алууда. Ошол себептүү бул өлкөлөрдөгү кыргыз мигранттары жумуштарынан айрылып артка кайта турган болсо, ансыз да оор абалда турган Кыргызстанга кыйын болору, жумушсуздук эки эсе артары болжолдонууда.

Жалал-Абат облусунан келген Төрөкан Алимов аттуу жарандын айтымында, акыркы күндөрү анын Орусия жана Казакстанда эмгектенип келишкен жакындары бирден-экиден келе башташты. Анын баамында, артка кайткан мигранттардын саны барган сайын өсүп баратат, бирок буга карата бийликтин чара көрүп жатканы байкалбайт:

- Бүгүнкү күнү Орусияда экономикалык кризис башталып кеткендигинен улам, ал жакта иштеген кыргыз жарандары кайтып келүүдө. Бул деген, ошол атуулдар иштеп таап жөнөтүп аткан акчалар Кыргызстанга келбей калды деген сөз. Эми ошол атуулдарды кыргыз мамлекети жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү барбы деген суроо туулганда, Ош базарында же башка жерлерде жүрүшкөн жумушсуздарды, жумушсуз жаштарыбызды көрүп алып, мигранттарды кабыл алууга өлкөнүн атайын программасы жок деп эсептейм.

Миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын айтымында, былтыр жыл соңунда өкмөт бул маселени да караштырып, мигранттар көбүрөөк артка кайта башташса эмне кылуу керектиги тууралуу иш план бекиткен. Ага ылайык, 2009-жылы Кыргызстанга келип иштей турчу чет элдик мигранттардын санын 50 пайызга кыскартуу, жумушсуздук токтобой өсө берсе бюджеттен кошумча каражат караштыруу маселелери каралган:

- Биз келип аткан мигранттарды поезддерден, учактардан иликтеп жатабыз. Сурамжылоо уюштурганга чейин барып атабыз. Алардын көбү жумуштарынан айрылып, кыскарууга кабылганынан эмес, кышында жумуш аз болгонунан улам келип атышат. Үйлөрүнө, майрамдарга келип атышат. Көбү кайра кетебиз деп атышат. Бирок алар кайра барган учурда мурунку жумуш орундары болобу же болбойбу, аны убакыт көрсөтөт. Жакында эле биз, өкмөттө бул маселени карап, антикризистик чаралар каралган. Эгерде эмгек мигранттары көбүрөөк келип калса кандай чара көрүлөрү тууралуу.

Чет элдик мигранттар менен иш алып барган “Замандаш” ассоциациясынын координатору Айсулуу Алымбек кызы “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, чет жердеги көптөгөн эмгек мигранттардын азыркы тапта Кыргызстанга кайтууга ниети жок болуп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, жакында эле ассоциация кыргыздар эмгектенген өлкөлөрдө иликтөө-сурамжылоо иштерин жүргүзүгөндө, жумуштарынан айрылган күндө да көптөгөн мигранттар ансыз да кыйын абалда турган Кыргызстанга келүүнү каалабай турушканын айтышкан:

- Биздин мониторинг боюнча, мигранттардын көбүнүн бул жакка келе турган маанайы жок. Бул - Кыргызстандагы энергетикалык жана экономикалык кризистерге байланыштуу. Азыркы маалда мигранттардын массалык түрдө келип атканы деле байкалбайт. Бирок биздин өкмөт буга чындап кооптонуп турат. Анткени, алар массалык түрдө келе башташса, өкмөт мүчөлөрү өздөрү айтмакчы бүлгүнгө учурайбыз.

Миграция жана калкты эмгек менен камсыз кылуу комитетинен алынган маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 200 миңге жакын адам жумушсуз. Андыктан, мекенине кайткан мигранттардын саны кескин көбөйүп кетсе өлкө социалдык кризиске да туш боло тургандыгы тууралуу чочулоолор кала берүүдө. Ошентсе да бийлик өкүлдөрү абал андайга жетпесин, жетсе да ага карата камылгалар көрүлгөнүн айтып жоопкотушууда.
XS
SM
MD
LG