Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Молдовада өкмөт кызматтан кетти


Премьер-министр Влад Филат парламенттеги добуш берүүдөн кийин, Кишинев. 5-март, 2013-жыл
Премьер-министр Влад Филат парламенттеги добуш берүүдөн кийин, Кишинев. 5-март, 2013-жыл

Молдовада парламент өлкөнүн батышчыл өкмөтүн отставкага кетирди. Премьер-министр Влад Филаттын кабинетин ишенимден ажыратууну оппозициядагы коммунисттер сунуш эткен эле.

Парламенттеги 33 коммунист, 15 демократ, төрт социалист жана эки көз карандысыз депутат өкмөттү таркатууну колдоп добуш беришти. Коммунисттердин сунушун бардыгы болуп 54 депутат колдоду, бул зарыл болгондон үч добушка көп болду.

Добуш берүүнүн алдында Компартиянын башчысы, Молдованын мурдагы президенти Владимир Воронин элдин жакыр жашаганы үчүн бийликтеги "Европалык интеграция биримдигин" күнөөлөдү:

Бүгүн бул "Европалык интеграция биримдигин" же өкмөттү колдоп, бир оңдуу сөз айтууну элестетүү да мүмкүн болбой калды. Сөз жок. Өз өкмөтү аркылуу бул биримдик элге бийликте калуу үчүн бир да оңдуу иш көрсөтө алган жок.

Парламенттин сыртында өкмөттү колдогон жүздөгөн киши чогулуп турду. Алар оппозициядагы депутаттарды шакабалап, "бизге европалык интеграция керек" деген жазууларды кармап турушту.

Өкмөт башчысы Влад Филат добуш берүүдөн кийин парламенттин чечимин жоопкерчиликсиз кадам катары баалады:

Мен бул добуш берүүгө баа бергим келбейт, эл баа берет. Бирок бул баарынан мурда жоопкерчиликсиздиктин туу чокусу болуп калды.

Президент Николе Тимофти эми жаңы өкмөт башчыны көрсөтүшү керек. Эгер ал талапкер өкмөт курай албаса, же парламент андай кабинетти көпчүлүк добуш менен колдобосо, президент парламентти таркатып, чукул шайлоо өткөрүш керек болот.

Филаттын өкмөтү азырынча кызматын убактылуу уланта бермекчи.

Февралда Влад Филат анын Либерал-демократиялык партиясы коалициядан чыгаарын жарыялагандан кийин бийликтеги "Европалык интеграция биримдиги" ыдырап кеткен эле.

Биримдикке кирген Демпартия либерал-демократтар коалициялык келишимди бузду деген жүйө менен, өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун колдоп чыккан.

Өткөн аптада президент Тимофти Филаттын партиясын өкмөттүк коалициядан чыгуу чечимин кайра ойлонуп көрүүгө чакырган. Филат жаңы келишим жетишилет, "Европалык интеграция биримдиги" жаңы өкмөт курай алат деп жооп кайтарган.

Тимофти чукул шайлоо Молдованын Евробиримдикке интеграциясына тескери таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин эскертүүдө. Бирок азыркы өкмөттүн бир нече министри коррупция боюнча айыпталууда. Финансы, маданият, саламаттык министрлеринин үстүнөн жүрүп жаткан тергөөнүн жыйынтыгында, аларга каршы кылмыш иштери козголушу ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG