Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Гагауздар Бажы биримдигин эңсешет


Молдова -- Гагаузиядагы референдумда добуш берип жаткандар. Комрат, 2-февраль, 2014.
Молдова -- Гагаузиядагы референдумда добуш берип жаткандар. Комрат, 2-февраль, 2014.

Молдованын автономдуу Гагаузия жумуриятында жекшембиде талаштуу референдум өттү.

Гагауздар жекшембиде көз карандысыздык референдумун өткөрүштү. Молдова Европа <иримдигине кирүү багытында арымдуу баратат, бирок Украинадагы окуялар шыктандырдыбы, бул жумурияттын карамагындагы гагауздар козголо баштады. Бирок украинадагы демонстранттардан айырмаланып, алар Батышка эмес, Чыгышка, тагыраак айтканда Москвага ыклас коюшууда. Расмий булактардын билдиришинче, түштөн кийин шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы добуш берди.

Украинадагы окуяларга байланыштуу, Молдова Евробиримдиктин Чыгыш Кызматташттык программасынын көркүн ачкан өлкөгө айланды. Киевден айырмаланып, Кишинев өкмөтү ноябрда Евробиримдик менен ассоциация келишимине жана эркин соода макулдашуусуна алдын ала кол койгон.

Бирок Молдовада бийликтин европачыл саясатын бардыгы эле жактыра берген жок. Молдовадан өз алдынчалык жарыялаган Днестр жумурияты жакында аймактын Бажы биримдигине кошулууну колдоорун айгинелеген мыйзам долбоорун кабыл алган.

Эми минтип гагауздар референдум өткөрүштү. Анда шайлоочулар Евросоюз менен КМШнын Бажы биримдигинин кайсынысына кирүүнү кааларын билдиришти. Референдумда ошондой эле эгер «Молдова көз карандысыздыгынан айрылса, Гагаузия өз алдынчалык жарыялашы керекпи?» деген суроо коюлду.

Алдын-ала эсптөөгө караганда, референдумга зарыл болгондон алда канча көп санда киши катышты. Молдовада сот бул добуш берүүгө каршы өкүм чыгарган, бирок жумурият ага баш ийбеди.

"Азаттыктын" Молдован кызматы менен маегинде Гагаузиянын акими Михаил Формузал борбордук өкмөткө ичи чыкпай тургандыгын мындайча билдирди:

Менимче, алдыдагы 10 жылда биздин кызыкчылыгыбызга Бажы биримдиги жооп берет. Биз экономиканы модернизациялап, биздин товарлар үчүн ишенимдүү базарларды камсыздайбыз. Ошондой эле чыныгы демократиялашуу болот. Азырынча, бизде андай болбой жатат.

Гагаузияда 155 миңдей түрк тектүү, орус тилдүү, христиан дининдеги калк чачыранды жашайт. Молдованын бийликтери бүгүнкү референдумга катуу каршы болгон эле. Айрымдардын айтымында, гагауз деген аталыш «көк огуз» түрк сөзүнөн чыккан.

22-январда аймакка Молдованын өкмөт башчысы келип, элде референдум боюнча жетиштүү маалымат болбой жатат, парламенттик шайлоого чейин чыдай тургула деп кеткен. Эртеси эле Европа Биримдигинин кеңешүү иштери боюнча комиссары Штефан Фүле келип кетти. Кийин Фүле твиттерде Евробиримдик менен ассоциативдик келишимди «Молдованын бардык аймактары, анын ичинде Гагаузия үчүн үлгү боло турган макулдашуу» деп мүнөздөдү.

Ошол эле убакта гагауздар Молдованын өкмөтү бул макулдашуунун мазмунун алардан эле эмес, бардык Молдова жарандарынан жашырып жатат деп айтышууда. Брюссел менен келишимдердин өткөн айда гана, болгондо да молдован жана румын тилдеринде гана жарыяланышы ушундай шектенүүлөргө жем таштап жаткан шекилдүү.

Молдовалык баяндамачылар өлкөнүн европачыл жетекчилиги чындыгында да гагауз азчылыгынын суроо-талаптарына жетиштүү көңүл бурбагандыгын белгилешүүдө. Башкалар гагауздарды Москва козутуп жатат деп шектенишет.

Айткандай эле, Орусиянын вице-премьери Дмитрий Рогозин өткөн айда «Молдова деп аталган поезд Европаны көздөй зуулдап баратып, эки вагонунан айрылып калышы мүмкүн» деп жыландын башын кылтыйтты.

Ошол эле убакта кызыктуусу, коңшулаш Украинадагы гагауз азчылыгынын өкүлдөрү өлкөнүн Европа менен жакындашуусуна колдоо билдирип келатышат.

XS
SM
MD
LG