Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Монголия: тараза ташы коммунисттерге ооп турат


Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж добуш берүү учурунда.
Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж добуш берүү учурунда.

Бүгүнкү шайлоодо парламенттеги 76 орунга 12 партиядан 496 талапкер ат салышууда. Бирок негизги атаандаштык бийликтеги демократтар менен оппозициядагы коммунисттердин ортосунда болмокчу.

Жергиликтүү медианын кабарларына караганда, баштапкы эсептер боюнча шайлоодо оппозициядагы Монголия элдик партиясы жеңишке жетти. Шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө бейшемби күнү эртең менен жарыяланганы жатат.

Шаршембидеги парламенттик шайлоо өлкө 1990-жылы демократияга көчкөндөн берки жетинчи шайлоо болду.

Байкоочулардын баамында, экономикалык өсүү жайлап, жумушсуздук күчөп турган учурга туш келген шайлоодо демократтар утулуп калышы мүмкүн.

29-июнда Монголияда парламенттик шайлоо өтүүдө. Добуш берүү башкалаа - Улан-Батор убактысы боюнча түнкү саат онго чейин уланат.

Монголиянын экономикалык өсүү ыргагы жайлагандан бери бийликте турган демократиялык партияга болгон ишеним төмөндөп кеткен. Шайлоо алдындагы сурамжылоонун жыйынтыгы - тараза ташы бийликтеги демократтарга эмес, өлкөнү 30 жыл бою жалгыз башкарган коммунисттерге ооп турганын көрсөткөн. Бирок Монголиянын Тув облусунда жашаган 65 жаштагы чабан Мичид Дордж өлкөдөгү туруктуулук жана демократия үчүн добуш берерин айтат.

- Шайлоо таза өтүп жатат. Биздин саясий система бара-бара өнүгөт деген ойдомун. Биз туура тандашыбыз керек.

Шайлоо участкаларында ар бир добушканада шайлоочулар шашпай тандоо жасашы үчүн отургучтар орнотулган. Монгол шайлоочуларынын көпчүлүгү коммунисттик системаны көрбөгөн 30 жашка чейинки жаштар. Алардын бири Бацайхан өз добушун коммунисттерге берүүнү чечкен.

- Шайлооканага сегизге жакын келдим. Мен Монгол элдик партиясын колдоону чечтим. Коммунисттердин тушунда биздин жашоо азыркыдан жакшы болот деп ойлойм.

Бул шайлоо монгол тарыхындагы эң аз адам катышкан шайлоо болуп калышы мүмкүн. Жаш шайлоочуларда пессимисттик маанай күч экени байкалат. Монгол парламенттик шайлоосуна терс маанайда жүргөн жаштардын бири талапкерлер тууралуу буларды билдирди:

- Демократиялык партия, Коммунисттик партия, Коммунисттик революциялык партия дегени да бар. Эч кимге белгисиз партиялар да жүрөт. Көп жеке адамдар да талапкер болушуптур. Арасында ырчылар, шоумендер, уурулар, алдамчылар дагы бар. Бул азыркы Монголиянын чындыгы.

Жаштар болсо азыр бийликте турган муун өкүлдөрүн кызматта калуу үчүн бардык ыплас жолдорго барган саясатчылар деп эсептешет. Мындан улам өлкө башчысы Цахиагийн Элбэгдорж шайлоочуларды добуш берүү укугунун кадырын билүүгө үндөдү.

- Бүгүн сиздер шайлоого активдүү катышсаңыздар, эртең биз келечек жөнүндө сүйлөшө алабыз. Добуш берүү укугу ар бириңиздерде бар. Ал укуктун кадырына жетүүгө чакырам. Анткени шайлоого катышуу сиздердин жарандык милдетиңиздер.

Эл аралык валюта корунун маалыматына караганда, 2011-жылы кен байлык казуудан 17% өскөн элкө экономикасынын өсүш ыргагы азыр абдан жайлап, быйылкы өсүш 0,4 пайыз гана болот деп болжолдонууда. Өлкө экономикасынын жайлашы Кытай тараптан монголдордун чийки продукцияларына талаптын азаюусу менен түшүндүрүлүүдө.

Экономикалык жагымсыз учурга туш келген парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы 30-июнда жарыяланмакчы.

Монголиянын Улуу Хуралына ат салышып жаткан талапкерлердин 33% инженерлер, 30% экономисттер, 15% юристтер, 3% журналисттер болсо, калган 17% башка кесип ээлери.

Парламенттик шайлоого карата өлкө полициясы күчөтүлгөн тартипке өткөн. Алкоголдук ичимдиктерди сатууга өлкө боюнча тыюу салынган. Чек аралардагы өткөрмө пункттар жабылган.

XS
SM
MD
LG