Израилдин президенти Шимон Перес Орусиянын баш калаасында жөөттөрдүн тарых музейи менен толеранттуулук борборун ачууга катышты. Жөөт элинин эң көп тарыхый экспонанттары коюлган музей падышачылык Орусиядан тарта II Дүйнөлүк согушка чейинки мезгилди камтыйт. "Нацисттер биздин калктын үчтөн бир бөлүгүн - 6 миллион жөөттөрдү, анын ичинде 1 жарым миллион жаш балдарды жок кылган. Советтик Кызыл армия фашисттерди жок кылып, дүйнөнү, жөөттөрдү сактап калган", - деп белгиледи президент Шимон.