Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06
Форумдун катышуучулары Москвада кыргыз боз үйүн тигүүдө. 10-май, 2014-жыл.
Форумдун катышуучулары Москвада кыргыз боз үйүн тигүүдө. 10-май, 2014-жыл.

Москвада кыргыздардын курултайы өттү

10-11-майда Москвада чет жердеги кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк III форуму өттү.

Форумга дүйнө жүзүндөгү алыскы жана жакынкы 32 чет өлкөдөн жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышмакчы. Форумдун негизги максаты чет өлкөлөрдөгү мекендештердин башын бириктирип, түпкү мекени үчүн кызмат кылууга чакыруу. 
 
14:35 10.5.2014
Орус дипломатиялык академиясынын жана орусиялык улуттар ассамблеясынын жетекчисинин орун басары Владимир Мантусов кыргыз курултайында сөз сүйлөп, кыргызстандыктар Орусия үчүн тууган эл экенин белгиледи. Ал "мурдагы тууган деген түшүнүк болбойт, келечектеги тууган деген түшүнүк бар, кыргыздар Орусия үчүн чыныгы тууган, жакын эл" айтты.

Владимир Мантусов “Кыргыз мигранттары башка жакта кантип жашап жатат” деген сөздөн Кыргызстандын өзүндө жашоо деңгээлин кантип өстүрүү керек деген ишке өтүү керектигин кошумчалады.
14:19 10.5.2014
Артомонов: Кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны да, сапаты да өсүүдө

Курултайга Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын өкүлү Олег Артомонов да катышты. Ал орус жеринде кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны менен кошо сапаты өсүп жатканын айтты.

Миграциялык кызматтын өкүлүнүн айтымында, Орусиядагы 79 кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештердин катарына кирип, мамлекеттик органдардын ишине түздөн түз таасир этүүдө.

Олег Артомонов Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн айлана-чөйрөнү коргоого, коомдук тартипти сактоого кошкон салымы үчүн сыйлоого мезгил келди деп эсептейт.
14:09 10.5.2014
Бакыт Көбөгөнов: Мигрантты мекенге кайтаруу  маселеси актуалдуу

Курултайда сөз сүйлөгөн Германиядагы кыргыздардын өкүлү  Бакыт Көбөгөнов эмгек мигранттардын мекенге кайтып келүүсү жөнүндө ойлонууга чакырды.

Германиядагы кыргызстандыктардын өкүлү өнүккөн өлкөдө жашаган мигрант качандыр бир күнү Кыргызстанга кайтып келем дегенде ага шарт түзүп берүү керектигин белгиледи. Бул жакшы иш-шарттарына, жогору маянага көнүп калган эмгек мигрантынын өз мекенинде кармалып калуусу үчүн маанилүү кадам деп белгиледи.

Эмгек мигранттарынын биринчи мууну өз өлкөсүнө кайтып келет деген үмүт болсо, алардын балдары Кыргызстанды өз мекени катары кабыл алуусу үчүн аракет кылуусу керек деген пикир айтылды.
13:22 10.5.2014
Москвада өткөн Жеңиш парадына Орусиянын президенти чакырган кыргызстандык согуш ардагерлери кыргызстандыктардын дүйнөлүк III курултайга катышып жатат.

Курултайга катышып жаткандар согуш ардагерлерин Жеңиштин 69 жылдыгы менен куттукташты.
 
Москва: курултайда согуш ардагерлерин куттукташты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:24 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG