14:19
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
Артомонов: Кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны да, сапаты да өсүүдө
Курултайга Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын өкүлү Олег Артомонов да катышты. Ал орус жеринде кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны менен кошо сапаты өсүп жатканын айтты.
Миграциялык кызматтын өкүлүнүн айтымында, Орусиядагы 79 кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештердин катарына кирип, мамлекеттик органдардын ишине түздөн түз таасир этүүдө.
Олег Артомонов Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн айлана-чөйрөнү коргоого, коомдук тартипти сактоого кошкон салымы үчүн сыйлоого мезгил келди деп эсептейт.

14:35
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
Орус дипломатиялык академиясынын жана орусиялык улуттар ассамблеясынын жетекчисинин орун басары Владимир Мантусов кыргыз курултайында сөз сүйлөп, кыргызстандыктар Орусия үчүн тууган эл экенин белгиледи. Ал "мурдагы тууган деген түшүнүк болбойт, келечектеги тууган деген түшүнүк бар, кыргыздар Орусия үчүн чыныгы тууган, жакын эл" айтты.
Владимир Мантусов “Кыргыз мигранттары башка жакта кантип жашап жатат” деген сөздөн Кыргызстандын өзүндө жашоо деңгээлин кантип өстүрүү керек деген ишке өтүү керектигин кошумчалады.
Владимир Мантусов “Кыргыз мигранттары башка жакта кантип жашап жатат” деген сөздөн Кыргызстандын өзүндө жашоо деңгээлин кантип өстүрүү керек деген ишке өтүү керектигин кошумчалады.
14:39
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
Москвада өтүп жаткан курултайга орусиялык “Росинбанк” демөөрчү болууда. Анын жетекчиси Улан Сарбанов ал башкарган банк үчүн Орусиядагы эмгек мигранттарынын каражаттарын Кыргызстанга жеткирүүдө пайда табуу башкы максат эмес экенин белгиледи.
14:45
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
Курултайда сөз алган Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мигранттар кагаз иштерин бүтүрүүдө бир топ кыйынчылык тартарын, ошол себептүү ошол жердеги Кыргызстандын элчилиги бул машакатты жеңилдетүүгө жардам берүүгө милдетүү экенин айтты.