Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06
Форумдун катышуучулары Москвада кыргыз боз үйүн тигүүдө. 10-май, 2014-жыл.
Форумдун катышуучулары Москвада кыргыз боз үйүн тигүүдө. 10-май, 2014-жыл.

Москвада кыргыздардын курултайы өттү

10-11-майда Москвада чет жердеги кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк III форуму өттү.

Форумга дүйнө жүзүндөгү алыскы жана жакынкы 32 чет өлкөдөн жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышмакчы. Форумдун негизги максаты чет өлкөлөрдөгү мекендештердин башын бириктирип, түпкү мекени үчүн кызмат кылууга чакыруу. 
 
15:07 10.5.2014
Москвадагы кыргыз курултайында көчмөн элдердин дүйнөлүк спорт оюндарынын презентациясы болду. Бул оюндар Ысык-Көлдүн жээгинде өтөөрү, ага түрк тилдүү мамлекеттер, көчмөн элдердин өкүлдөрү катыша тургандыгы айтылды.

Уюштуруучулардын айтымында, Дискавери телеканалы көчмөндөрдүн спорт оюндарына улуттук костюмчан 18 миң адам катышса, жаңы рекорд болорун жана телеканал бул трансляцияны сатып алууга кызыкдар экенин билдирген.

Уюштуруучулар көчмөндөрдүн спорт оюндары 21-кылымдын глобалдуу спорт трендине айланышы мүмкүн деп ишенишет.
 
Москвадагы курултайга "Көчмөндөрдүн эл аралык оюну" уюму да катышууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:32 0:00
15:57 10.5.2014
Курултайдын катышуучулары түштөнүүгө чыкканда мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бата тиледи.
 
Турсунбек Акундун батасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00
17:30 10.5.2014
Курултайга келген Борбор Азиядагы Адам укуктары кеңешинин координатору Турсунбек Акун мигранттардын социалдык жана укуктук проблемаларын талкуулоону, айрыкча соттолгон мигранттардын маселелерин чечүү жолдорун сунуштады.

Муну менен катар Акун “Бүгүн дүйнө жүзүнөн чогулган кыргызстандыктардын курултайына жок дегенде вице-премьер келиши керек эле” деп кыргыз өкмөтүн сындады. "5 вице-премьердин бири келип, көтөрүлгөн маселелерди өкмөткө жеткирсе болмок", - дейт Турсунбек Акун.
18:16 10.5.2014
Курултайда Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктардын өкүлү Марс Орозов Араб өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктардын акыбалы жөнүндө сөз сүйлөдү. “Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар эмгегин Кыргызстанда жасаса болмок, бирок алар кийин тажрыйбасын мекендин керегине жаратат” деди.

Марс Орозов Жакынкы Чыгышта иштеп жүргөн кыргызстандыктар ак эмгеги аркылуу Кыргызстанды таанытып жатканын да кошумчалай кетти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG