19:28
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
"Измайлово" концерттик залында отурган курултайдын катышуучулары
20:33
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
Курултайда мамлекеттин өнүгүү потенциалы тууралуу да сөз болду. Ички дүң продукциянын көлөмү боюнча Кыргызстан 188 өлкөнүн ичинен 155 орунда туруп, Тажикстан менен Ганадан бир аз гана астыда экени айтылды. Анткен менен Кыргызстан “Бактылуулук” индекси боюнча 88-орунда турганын, бул айырмачылыктар кыргызстандыктар өндүрүп жаткан продукция жана кызмат көрсөтүүлөр эске алынбай жатканынан кабар берерин белгилешти.
Эл аралык көрсөткүчтөр жана баалоолордо кыргыз коомчулугунун өзгөчөлүгү эске алынышы керектиги айтылды.

20:41
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
Түркиядан келген кыргыз диаспорасынын өкүлү эне тилди сактоо жана аны турмушта колдонуу зарыл экенин белгиледи. Көп жыл чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар тилин жоготпогону менен чет өлкөдө төрөлгөн муун кыргыз тилин колдонбой калуу коркунучу бар экенин эске салды.
Түркиялык диаспора өкүлү мамлекетке “миграция маселесин диаспораларга жүктөп койгону туура эмес” деп сын узатты.
Быйыл Роза Отунбаеванын фонду тарабынан уюштурула турган экинчи "Мекендештер" форумунун алдын ала повесткасы түптөлө бериши керектигин да кошумчалай кетти.

20:50
10.5.2014
- автор Султан Каназаров
Сибир федералдык округундагы диаспора өкүлү Нуралы Акбаралы диаспора лидерлеринин жаңы мууну келиши керектигине токтолду:
- Азыркы сөздөрдү угуп отуруп, диаспоралар башына жаңы муундагы адамдар керек экенине ынандым, жаштардын ой жүгүртүүсү да, өнүгүүсү да жаңы деңгээлге чыгып турганы анык.
Курултайдын экинчи жарымына бир дагы расмий өкүл катышпай жатканын сынга алган Нуралы Акбаралы уулу:
- Ушул жерде айтылган жакшы сунуштарды расмий өкүлдөр укса жакшы болмок. Ушунча чогулгандан кийин кыргыз мигранттарынын пайдасы үчүн конкреттүү кыймылдар болсо, азыр жок дегенде 2-3 кыргызстандык депортация болуп, азап чегип атат. Ошолорго жардам бергидей жыйынтыкка келсек, - деди.